Мамлекеттик министр, өкмөттүн басма сөз өкүлү Жемил Чикек аптанын башында болуп өткөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин чыгып сүйлөп, өкмөт Киото протоколун бекитүүнү чечкенин билдирди. Министрлер кабинетинин жыйынында, Киото протоколун бекитүү маселеси да каралып, өлкөлөрдү зыяндуу газдардын атмосферага чыгарылышын чектеп, күнөскана таасирин азайтууга милдеттендирген бул протокол 1997-жылда иштелип чыгып, 2005-жылда күчкө киргенин баяндаган министр Чичек буларды айтты:
-Түркиянын мурда бул же тигил себептери болгондур, алардын баары эми артта калды. 2012-жылдан кийинки иш-аракеттерге активдүү катыша алыш үчүн протоколго кол коюшубуз керек.
Жыйында Токой жана айлана чөйрө министри Вейсел Эроглу, Түркиянын 81 вишлаятын ичимдик жана өнөр жайлык суу менен камсыз кылуунун улуттук программасын сунуш кылганын билдирген министр Чичек, Киото протоколунун 1-мөөнөтү 2009-жылы аяктай турганын эске салып, бүгүнкү күндө 176 өлкө бул протоколго кол койгонун, өзүнө тиешелүү себептер менен Түркия бул протоколго бүгүнкү күнгө чейин кол койбой келгенин, өлкө мындан ары бул жараяндын сыртында калбаш керек экенин айтты. Протокол жакын аралыкта парламенттин жактыруусуна коюлат.
Өкмөттүн протоколду бекитүү тууралуу чечимин утурлап, өткөн аптада Токой жана айлана чөйрө министри Вейсел Эроглу, Түркия аталган протоколго кошулууга даяр экенин билдирген эле. 37 өнүккөн өлкөнү 2012-жылга чейин күнөскана газдарынын чыгарылышын 1990-жылдагы деңгээлинен 5 пайыз азыраак деңгээлге кыскартууга милдеттендирген протокол тууралуу министр Эроглу көп эмес, мындан 6 айдай илгери эле башкача пикирде болчу. Сентябрда басма сөз менен болгон маегинде министр Эроглу буларды айткан:
-АКШ, Канада, Жапония жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү киши башына чегерип эсептегенде бизден 5-7 эсе көбүрөөк көмүртек газын чыгарышат. Бизге өзгөчөлүктүү шарттар берилбей туруп аталган протоколго кол койбош керек. Маселен, Швеция, Ирландия, Греция жана Португалия өңдүү бир катар өлкөлөргө көмүртек газына 24 пайыздарга чейин уруксат эткен артыкчылыктар берилди. Биз дагы өзүбүздүн индустриялык өнүгүү процессибизди соңуна чыгарышыбыз керек.
Өткөн бир канча айдын аралыгында БУУ Түркияга кандай артыкчылыктарды бергени маалым эмес. Өкмөт дүйшөмбү күнү протоколду бекитүү тууралуу чечим чыгарганына жараша, бул тууралуу дебаттар учурунда мажлиске кененирээк маалымат берери күтүлөт.