Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Орусия президенти маалымат каражаттары боюнча мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөргө каршы чыкты


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Мамлекеттик думаны массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун күн тартибинен алууга чакырды. Мамлекеттик Думага жолдогон катында, орус президенти ал өзгөртүү "массалык малымат каражаттарынын нормалдуу иштешине" тоскоолдуктарды жаратаарын белгилеген. Сунуш кылынган өзгөртүү кайсыл бир маалымат каражаты кимдир бирөөгө жалган жалаа жапкан деп эсептелсе, сотторго аны жабууга, ал эми бийлик өкүлдөрүнө сот чечимисиз эле анын ишин токтотууга укук берчи. Мындай өзгөртүүнүн зарылдыгы Москвада чыгуучу гезиттердин бири ал кездеги президент Владимир Путин жубайы менен ажырашып, 24 жаштагы гимнасткага үйлөнгөн жатат деген маалыматты жарыялаган соң колдоо тапкан. Ал эми Путин гезиттин маалыматын төгүндөгөн болчу.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG