Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Өзбекстан адам укуктары боюнча көрсөткүчүн жакшыртты, бирок өкмөт көзөмөлдү азайтышы керек


Бул тууралуу кечээ Ташкенттен АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер билдирди. Баучер Ташкентте президент Ислам Каримов менен жолуккан. Анын айтымында, жолугушууда негизги көңүл адам укуктарын жакшыртуу маселесине жана бул багытта жетишилген айрым жылыштарга бурулду. Вашингтон менен Ташкенттин мамилеси АКШ 2005-жылы Анжыяндагы кан төгүүнү айыптаган соң бузулган эле. Кечээ Өзбекстандын соту Мутабар Тажибаева аттуу укук коргоочу активистти абактан чыгарды. Ал Анжыян окуясына байланыштуу өзбек бийликтерин сынга алган соң 2006-жылы сегиз жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG