Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Хьюман Райтс Уочт" уюму кытай бийликтерин жүз отуздай кишини абактан чыгарууга чакырды


Алар - Тяньамэн аянтында он тогуз жыл мурда орун алган кандуу окуялардан бери абактан отургандар. Укук коргоочулардын кайрылуусунда белгиленгендей, кытай бийликтери Пекиндеги быйылкы олимпиадалык оюндар алдында адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды жакшыртууга милдеттенме алган. "Хьюман Райтс Уочт" уюму өз кайрылуусун Пекиндин Тяньамэн аянтындагы студенттик демонстрация күч менен таратылганынын он тогузунчу жылдыгын утурлай жасады.

XS
SM
MD
LG