Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Каарманбек Кулуев, Бишкек Кыргызстанда эгерде ата-эне баласын тарбиялай албаса, баланы балдар үйү же интернат --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/0F3F5CF5-3617-491E-928E-5D163D1266E8.asp сыяктуу мамлекеттик мекеме тарбиялайт. Өлкөдө элдин социалдык абалына изилдөө жүргүзгөн эларалык эксперттер ушундай тыянак чыгарышууда. Анткен менен алар жаш балага эң биринчи кезекте үйбүлө керек дешет. Бул максатты утурлай, өлкөдө фостердик үйбүлө же үйбүлө сымал балдар үйлөрү сыяктуу сынак долбоорлор ишке кирген. Бирок азырынча мындай долбоорлор жалпы өлкөгө таратыла электигинен Назгүлдөй эле (аты өзгөртүлдү – ред.) республикадагы кароосуз калган балдардын басымдуу бөлүгү үйбүлөнүн камкордугуна алына элек.

Назгүл: -Эки жашымда апам мени калтырып, Казакстанга кетип калган. Бешке чыкканымда мени тайжем өзүнүн үйүнө алып кетти. Он төрткө чыкканымда менин апамды таап, мени кайра ага өткөрүп беришти, бирок апам менен 2-3 жума жашаган соң, ал кайра качып кеткен.

“Азаттык” : -Апаң менен мамилең кандай болду?

Назгүл: -“Келдиңби, отур” деп, башка эч нерсе деле айткан жок.

“Азаттык” : -Эмнеге сени таштап кеткенин түшүндүрүп бердиби?

Назгүл: -Чоң-апамдар анын күйөөлөрү көп болчу деп айтышат. Апам менен жакшы тил табыша албай, бул тууралуу сүйлөшкөн жокпуз. “Баарына атаң күнөөлүү” деп эле койду. Атам кантип күнөөлүү экенин билген деле жокмун.

“Азаттык” : -Атаң менен мамилең кандай эле?

Назгүл: -Атамды да кичинекей кезимден бери тааныбайм. Ал тирүү кезинде атам бар экенин билчүмүн, бирок ал “чачы агыш неме” экенин гана билгем.

Назгүл азыр “Кароосуз калган жаш балдарды реабилитациялоо борборунан” башпаанек тапты. Бул жер адаттагы балдар үйү же интернат эмес. Реабилитациялык борбордо жаш балдар убактылуу гана жашашат. Борбордун негизги максаты – турмуш абалы оңолгондо балдарды өз ата-энесине кайтарып берүү, дейт борбордо иштеген Адылбек Өмүрзаков. Бирок анын айтымында, Назгүл тууралуу сөз кылганда, башка мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу зарыл:

- Эгер баланы өз үйбүлөсүнө кайтарып берүүгө такыр мүмкүнчүлүк жок болсо, анда биз анын жакын же алыс туугандарын издейбиз. Алар да табылбаса, анда баланы тиешелүү жактарга жайгаштырып көрөбүз. Мамлекеттик интернаттар да бар эмеспи.

Багып алуучу туугандары барбы же жокпу деп, биз Назгүлдүн өзүнөн да сурадык. Аны менен жакшы тил табышкан бир байкеси Москвага иш издеп кеткен. Назгүл буга чейин жашаган тайжесинин үйүндө мындан ары жашай албай турганын айтты. Анткени анын күйөөсү арак ичкен сайын эле кызга жабышып, тийише берчү экен.

Мындай учурларда кароосуз, үйсүз калган балдарды камкордукка алып, бирок адаттагы интернет же балдар үйүнө эмес, “үйбүлө” сымал коомчулуктарга алуу максатында азыр Кыргызстанда альтернативдүү үйбүлө долбоорлору иштеп жатат.

Социалдык кызматкер Адылбек Өмүрзаков:

- Колдон келсе, балдарды интернат же балдар үйү эмес, башка бир альтернативдүү үйбүлөгө жиберүүгө аракеттенип жатабыз. Азыр фостердик үйбүлө, патронаждык үйбүлө дегендер чыкпадыбы. Мына ошол биздин негизги приоритетибиз. Анан такыр эле болбой калса, анда интернатка жиберебиз.

Фостердик үйбүлө сыяктуу долбоорлор азырынча мамлекеттик саясатка киргизиле элек. Андыктан алар өлкөдө бирин-серин кездешет. Көпчүлүк кароосуз калган балдардай эле, Назгүл азырынча мындай үйбүлөдө жашабайт.

Анткен менен, Назгүл үчүн бүгүн башка бир мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Аны кыздар арасындагы футбол боюнча улуттук курама командага чакырышты. Биз Назгүл менен бирге анын биринчи машыгуусуна бардык.

Футбол талаасында Назгүл толкунданып жатат... Анын үстүнө балдардан сурай турган бут кийими да сыйгалак болуп, Назгүл топту жакшы тебе албай жатат. Ойноп жаткан кыздар менен да азырынча тил табыша элек. Бул анын, болгону, биринчи күнү да, дейт машыктыруучу Гүлбара Үмүталиева.

- Буга чейин менде балдар үйүнөн 3 кыз ойногон. Спорт аларга жардам берди. Мен Назгүлдүн 2 оюнун көрдүм. Кыздар менен жакшы эле ойношуп кетет го. Эгер ал жакшы ойносо, биз да ага колдоо көрсөтүп, институтка окууга өткөрүүгө жардам беребиз. Биздин спортко мындай кадрлар керек.
XS
SM
MD
LG