Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ПРЕЗИДЕНТ ӨЗ КООПСУЗДУГУН КӨЗӨМӨЛДӨӨНҮ ИНИСИНЕ ТАПШЫРДЫ


Президент Курманбек Бакиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/BC4C40D2-D7BC-4D66-92DD-9E40C0FF740E.asp өзүнүн биртууган иниси Жанышты Мамлекеттик коргоо кызматынын өздүк курамына башчы кылып дайындады. Президент жаңы орунга дайындоодо Жаныш Бакиевдин кесипкөйлүгүнө маани берди. Бул тууралуу жаңы жетекчини иш ордуна отургузуп жатып президенттин кеңешчиси Токон Мамытов билдирди. Ошол эле мезгилде бул дайындоо коомчулукта түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Мыйзамдар боюнча адистер жакын адамдарын мамлекеттик кызматтарга дайындоого президентке Кыргызстанда мыйзам тыюу сала албайт, ошондуктан, бул өңдүү кадамдар анын эркиндеги иш деп жатышат. Мындай пикирин “Азаттыкка” юридика илимдеринин кандидаты Бекбосун Бөрүбашев билдирди:

- Мен билгенден президенттин биртууганы күзөт кызматына барбасын деген чектөө жок. Балким мен билбеген мыйзам алдындагы актылар болушу мүмкүн. Ага мен жооп бере албайм. Бирок моралдык жагы бар. Ар кандай сөздөр чыгышы мүмкүн.

Анткен менен коомчулукта президент дагы бир биртууганын мамлекеттик жооптуу кызматка дайындашын туура көргөндөр да, каршы чыккандар да, кооптонгондор да аз болгон жери жок. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, маселен, президенттин бул кадамы хандык башкарууга түспөлдөшүп турат дейт:

- Бул мамлекеттин түзүлүшүн бекемдебей, өзүнүн ордун бекемдеп жаткансыйт. Хандык мамлекеттерде ушундай болчу эле, өзүнүн балдарын, биртуугандарын жакындатып, анан хандыгымды жоготуп албайын деген саясат жүргүзгөн.

Президент Курманбек Бакиевдин төрт биртууганы, бир уулу мамлекеттик кызматтарда иштешет. Алардын ичинен Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Адылбек Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлү, Каныбек Бакиев айыл өкмөт башчысы, ал эми уулу Марат Бакиев Коопсуздук кызматында.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова өңдүү укук коргоочулар президент өзү шайлаган элге эмес, ириде биртуугандарына ишеним артып жатышын жакшылыктын жышаанасы деп эсептешпейт:

- Эл шайлаган президентти үйбүлө кайтарганы – бул мурунку Түркмөнстан менен Өзбекстандын кейпин кийип калдык деген коркунуч пайда болуп атат.

Жаныш Бакиевдин жаңы кызматка дайындалышынан саясат жасоонун кажети жок деди “Азаттыктын” суроосуна жооп берген Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев:

- Президентти сактай турган ишенимдүу адам болуш керек. Ырас Жаныш Салиевич болгондон кийин бу кишиден өтөөр ишенимдүү адам жок бүгүнкү күндө деп ойлойм. Муну саясатка айландырбай эле койгула.

Мамлекеттик коргоо кызматы президентти, Жогорку Кеңештин, Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагаларын кайтарат. Ага жараша курал-жарактары, тартип коргоо жаатындагы ар кыл милдеттери бар таасирдүү уюм катары саналат. Ал саясий органдардын катарына кошулбаганы менен, кызматтын башына президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин келиши көп түкшүмөлдөрдү жаратууда. Алардын бири экономикалык каатчылык күчөп, күздө жагдай оорлошот деген божомолго байланууда. Мындай түкшүмөлдөрдү эске алган “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев:

- Убагында Ельциндин жанында жүргөн Коржаковдор күрөш кызматын жазалоочу чоң органга айландырып жиберишкен. Ошондой болбой, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Алардын бир топ укуктары бар. Ошолордун шылтоосу менен бийликке терс көз карашта жүргөн адамдарга, саясатчыларга мыйзамсыз аракеттерди жасабашын каалайт элем.

Жаныш Бакиев президенттин экинчи иниси, 1980-жылдан бери милиция тармагында иштеп, 2006-жылы Коопсуздук кызматынын төрага орунбасарлыгына дайындалган. Бирок аз убакыттан кийин “матрешка” чатагы боюнча кызматынан алынган.

Оппозициялык күч таасирдүүлүк кылган ал кездеги Жогорку Кеңеш Жаныш Бакиевди экс-төрага Өмүрбек Текебаевдин маңзат менен Польшада кармалуусун уюштурду деп күнөөлөгөн. Кийинчерээк Жаныш Бакиев мындай дооматты сотко берип, Жогорку Кенешти жеңип алган. Ошондон бери ал маркум Жусуп Бакиев атындагы фондду жетектеп, расмий кызматка келе элек эле. Ошол эле мезгилде саясий чөйрөдө президенттин бул биртууганы мамлекеттик башкарууга көшөгө артында олуттуу таасир көрсөтүп келаткандардын бири катары көп айтылат. Жакында жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюсунда Жаныш Бакиев келерки парламенттик шайлоого баруу ою барын билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG