Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

07:10 Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңеши кезектеги жыйынын курат


Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйындын негизги темасы- мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы. Өлкөнү бакшаруу боюнча сунуштардын демилгечиси М. Ниязовдун айтымында, башкаруу системасы жөнгө салынмайынча, мамлекет эч качан өнүкпөйт. Саясатчы губернаторлор эл тарабынан шайланышы керек, өкмөт башчы жана мамлекеттик катчы кызматтарын алып салуу керек деген сунуштары менен чыгууда. Ал бул эки кызмат элге эмес, президентке гана ыңгайлуу деп эсептейт. Мындан тышкары М. Ниязов Конституцияны Улуттук негизги мыйзам деп атап, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу парламентте гана болсун деген сунушун киргизүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG