Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Пан Ги Мун азык-түлүк өндүрүшүн кескин жогорулатууга үндөөдө


БУУнун баш катчысы Пан Гин Мун өз сөзүндө 2030-жылга карата дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүшү суроо–талапты канаатандырыш үчүн 50%га жогорулашы керектигин белгиледи. Кечээ Римде башталган саммитте азык–түлүктүн кымбатташына байланышкан маселелер талкууланууда. Жыйын Улуттар уюму тарабынан өткөрүлүп жатат. Пан Ги Мун ошондой эле учурда дүйнөнүн “айыл-чарбаны жандандырууга зор мүмкүчүлүктөрү бар” экендигине токтолуп, дүйнө өкмөттөрүн азык–түлүк баасына байланышкан кризисти жеңилдетүү үчүн экспорттук чектөөлөрдү жана импорттук тарифтерди азайтууга чакырды.Саммитте жакыр өлкөлөргө жардам берүү, эгин талааларынын түшүмдүүлүгү жогорулатуу жана био отун программаларын кайра карап чыгуу маселелери талкууланууда.

XS
SM
MD
LG