. Бул тууралуу билдирген “Нарын kg” медиа борборунун жетекчиси Жаркын Ибраеванын айтымында, “Де-факто” гезитинин акциясын колдоо максатында медиа борбору үч күн бою каалоочу ар бир жарандан бир сомдон акча жыйнашат. Каражаттарды атайын түзүлгөн топ гезиттин редакциясына которуп берээри кабарланууда. Мындан тышкары “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, гезитти коргоо комитети башка региондордо да ушундай марафонду өткөрүүнү пландаштырууда. 2-июнда Биринчи май раондук соту “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин ар бири бир миллион сомдон айып төлөсүн деген чечим чыгарган.(MSu)