Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

9:40 Кыргызстанда ички дүң продукция 6,3% өскөн


КМШнын мамлекеттер аралык статистика комитети жарыялаган маалымат боюнча мындай көрсөткүч менен Кыргызстан КМШда 6-орунда турат. Алдыңкы орунда ички дүң продукциясынын 15% өсүшү менен Азербайжан турат. Андан кийин Грузия -12,4%, Беларус -10,4%, Армения менен Орусияныкы -9,3%. Кыргызстандан кийинки орунда Украина, Тажикстан жана Молдова турат. Өзбекстан жана Түркмөнстан тууралуу маалыматтар берилген эмес.
Өнөр жай өндүрүшү боюнча да 14,3% менен Азербайжан алдыда. Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 3,4% түзөт, Тажикстанда -6,8% артка кеткен. Инфляциянын деңгээли Тажикстанда 26,6%, Казакстанда 18,8%, Кыргызстанда 23,3%.(ZKo)

XS
SM
MD
LG