Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

НЕМИС ФОТОСҮРӨТЧҮСҮНҮН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КӨЗ ИРМЕМДЕРИ


Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде немец сүрөтчүсү Гудрун Криппнердин эмгектеринен турган “Кыргызстанга көз ирмемдер” аттуу фото көргөзмө өтүүдө.

Немис фотосүрөтчүсү Гудрун Криппнер үч жылдан бери Ош шаарындагы бир мектепте балдарга немец тилин окутат. Ал эми бош убактысында сүрөт тартуу менен алектенгендиктен ушул жылдар аралыгында Кыргызстандын айрым жерлерин кыдырып, эмгектерди жараткан.

-Көргөзмөдө жалпысынан 111 эмгек коюлган. Мен фотосүрөттөрдө өзүмө жаккан жана иренжиткен нерселерди чагылдырдым. Атай кетсем кыргыз элинин меймандостугу, кең пейилдүүлүгү, жөнөкөйлүгү табиятынын кооздугу жакты. Ал эми өлкөдөгү акыр-чикирлердин, таштандылардын көптүгү мени ойлондуруп койду.

Ал ошондой эле өз сөзүндө мына ушул акыр-чикирлер өлкөнүн кооз табиятына терс таасирлерин берээрин жакшы баамдашпай жатат. Бул нерсеге олуттуу мамиле жасаш керек деп белгиледи.

-Бул өтө жоопкерчиликтүү милдет. Менин оюмча түшүндүрүү иштерин мектептен башташ керек. Мисалы мен Ошто Кыргызстандын кооз-кооз жерлери тушүрүлгөн эмгектеримди коюп көргөзмө уюштургам. Ошондо мектеп окуучулары алгач сүрөттөрдө Кыргызстандын эмес, чет мамлекеттердин жерлери чагылдырылган экен деп ойлошуптур. Анан качан өз өлкөсү экенин баамдашканда таң калышты. Мына ушуга окшогон иш-чаралар балдарга таасир этет деп ойлойм.

Гудрун Криппнер эмгектеринде ошондой эле кыргыз элинин каада-салт,үрп-адат, улуттук оюндарын чагылдырган эмгектерин койгон.

-Менин Кыргызстанга келишиме биринчиден Чыңгыз Айтматов себепкер болду десем болот. Анын китептерин окуп чыккандан кийин эле ушул өлкөнү самап калдым. Анан кокустан бир гезиттен бул жакка келип немис тилинен сабак берсе болот деген жарыяны окуп, келип калдым.

Гудрун Криппнер Кыргызстанга болгон чыгармачылык сапарын алгач аз эле убакытка пландаштырган. Ал эми өлкөгө келгенден кийин Кыргызстанды чагылдырган көргөзмө уюштуруу идеясы келип, үч жылга калып калган. Мына ошол убакыт аралыгында тарткан эмгектерин эми кыргыз сүрөт күйөрмандарынын сынына коюууда.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев бул эмгектер бир канча жылдан кийин тарыхый документ болуп калат деген пикирде.

-Мээнети аябай күч экен. Бул сүрөттөр болжол менен 40-50 жылдан кийин абдан тарыхый документтер болуп калышы мүмкүн. Жалпысынан алганда чеберчилиги абдан жакшы экен.

Улуттук музейдин кызматкери Валентина Иванова бул эмгектер кандай болбосун кыргыз фотосүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрүнөн айырмаланат. Себеби жергиликтүү эмес, чет элдик жарандын, бейтааныш байкоочунун көз карашында тартылды деген оюн ортого салды.

Немис фотосүрөтчүсү Гудрун Криппнер эми бул эмгектерин Германиянын элинин сынына коюуну ниет кылууда. Андан соң Люксембургда көргөзмө уюштурат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG