Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

12:15 Туристтик сезон учурунда жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүнөт


Республикалык МАИ кызматынын жетекчиси Болотбек Борбиевдин бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргени боюнча жайкы туристтик сезонго карата бардык тиешелүү даярдыктар көрүлдү. Автожолдордо жана МАИ түйүндөрүндө жол коопсуздугуна жана МАИ кызматкерлеринин ишине байланыштуу суроо-талаптар үчүн ИИМ МАИ кызматынын ишеним телефондору жазылган атайын маалыматтык тактайчалар илинген. Ысыккөл жээгиндеги эс алууну тиешелүү деңгээлде коопсуз өткөрүү үчүн аймакта МАИнин атчан взводдорун түзүү, көл тарапка ИИМ академиясынын курсанттарын жана офицерлерин жиберүү максатташтырылууда. Ал эми паспорт жана визалык көзөмөл кызматынын жумушчуларына чет элдик кардарларга ийкемдүүлүк жана меймандостук менен мамиле кылуу милдеттендирилди. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG