Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

13:50 Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан улантылышы керек


Мындай чечимди ЖКнын эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети бүгүнкү отурумунда чыгарды. Отурумда белгиленгендей экинчи тарап –Центерра голд инк компаниясы кыргыз өкмөтүнүн сунуштарын укпай койгон. Комитеттин отурумунда “Кумтөр голд компани” ишканасы мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекет болуп, өз билгенин жасап, салык төлөө жаатында да бир топ мыйзам бузууларга баргандыгы, “Центерра голд инк” компаниясы мурдагы бийликтин тушунда коррупциялык максат менен түзүлгөндүгү тууралуу да айтылды. Аталган ишкана жетекчилери Кумтөр алтын кени боюнча макулдашуунун жаңы шарттарын сүйлөшүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сунушуна бир айдан бери расмий жооп бере элек. Мына ушуга байланыштуу ЖКнын эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр улантылышы зарыл, деген чечимге келишти. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG