Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

15:25 Президент Акыйкатчыны кабыл алды


Акыйкатчы мамлекет башчыга 100 күндүк иш убагы ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда бул аралыкта Акыйкатчы институтунда иштеген кызматкерлер көрүнүктүү деңгээлде кыскарып, натыйжада институттун бюджети 2,5 млн сомго үнөмдөлгөн. Ошондой эле Акыйкатчы белгилүү укук коргоочулар, ЖК депутаттары жана президенттик администрациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда Коомдук кеңеш түзүлгөндүгүн да маалымдады. Мындан тышкары Турсунбек Акун “пикет, митинг жана куралсыз эркин чогулуу боюнча” Бишкек шаардык кеңешинин чечимин өзгөртүү тууралуу маселени да козгоп кетти. Президент Курманбек Бакиев бул чечим убактылуу чечим болгондугун айтып, ошол эле учурда кыргызстандык саясатчылар жана жарандар нааразылык иш-чараларын цивилизациялуу жол менен өткөрүүгө үйрөнүү убактысы келип жеткендигин белгиледи. Мамлекет башчы Акыйкатчынын ишине оң баасын берди, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG