Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:37

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Борбор Азиядагы дан аянттарды марокколук чегирткелердин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/66925697-50B4-4953-9CA5-955E9E7F8759.asp капташы аймактагы азык-түлүк каатчылыгын ого бетер оорлотчудай. Ооганстандан үйүрү менен ооп келген чегирткелер Түштүк Казакстанга жетти.

Борбор Азияга Ооганстандан чегирткелер жылына ушул маалда учуп келет. Бирок быйыл кыш катаал болуп, дан эгиндеринин аз айдалышы чегирткелердин тамак издеп алыс жактарга ченемсиз үйүрү менен учушуна алып келди. Чегирткелер жолуна эмне жолукса мойсоп, пахта талааларын, мөмө-жемиш бакчаларды, талааларды куру жалак калтырып, дыйкандардын шаштысын алып турган чак.

Тажикстан бир топ эгин аянттарын чегирткелерге апрелде эле каптатып жиберген. Өлкөдө баш-аягы 220 миң гектар аянт чегирткеден жабыркаган.

Кыргызстанда чегирткелер мойсоп кеткен эгин аянты 50 миң гектарга чукул деп эсептелүүдө. Казакстандын түштүгүндө болсо 200 миң гектар жерин чегиртке каптаган. Ушундай эле көйгөйлөр Ооганстандын өзүндө, Герат аймагында да орун алганы кабарланууда.

Кыргызстандагы Айыл жана суу чарба министрлигинин өкүлү Артбай Аргынбаев марокколук чегирткелерди жок кылуу өтө таатал дейт:

- Биздин жөнөкөй чегирткелер жөн эле жүрө берет. Ал эми булар болсо тобу менен жүрөт. Миллиондоп бир жерге чогулуп алып жылып башташат. Анан тез көбөйөт. Бирөө бир жылда беш жүз болот. Ал эми таштаган уругу шарт болбосо 5-6-10 жылга чейин тура берет да, кийин анан чогулуп туруп бир чыгат.

Тажик бийлиги жергиликтүү тургундарга кошуп, аскерлерди тартып чегиртке менен күрөшүп жатат. Алкымы чоң чегирткелерди дары-дармек чачып жоготсо жеңил болмок, бирок өкмөттүн каражаты жок дейт, Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Шавкат Азимов:

- Бизде эгин талааларына даары чачканга эки учагыбыз бар. Бирок аларды пайдалануу саатына 15 сомонини, башкача айтканда беш долларды түзөт. Ошон үчүн даары чачтырууга фермелердин чөнтөгү чак.

Кыргызстан менен Тажикстанда калктын теңинен көбү жарды деп эсептелет. Ушундан улам чегирткелерге каршы дары чачууга баарынын эле чарк-чамасы чак келе бербейт. Көп учурда дыйкандар мээнеттүү түйшүк менен эккенин чегирткелерге салып берип, карап отургандан башка аргалары калбай калат.

Аргынбаев Кыргызстандын түштүк облустарынын дээрлик баардыгы, ошондой эле өлкөнүн түндүк-чыгышы чегирткелерге таланганын айтат:

- Аксы менен Ноокенде эки жылдан бери пайда болуп жатат. Нарында мурда болчу эле. Оштун Араван жана Ноокат райондорунда, Баткенде Кадамжай менен Лейлекте болуп жатат.



Кыргызстандан чегирткелер учуп Казакстанга жетти. Казакстан болсо Борбор Азияда дан импорттогон жападан жалгыз мамлекет эсептелет. Бул өлкөнүн өкмөтү ушул жылы эгин тартыштыгынан улам буудайды сыртка чыгарууга тыюу салган. Казакстанда чегиртке менен күрөшүүгө каражаты бар. Бирок жайнаган чегирткелер каптап, казак аткаминерлерин да таңдантты окшойт. Казакстандын түштүгүндөгү айыл чарба боюнча министрликтин өкүлү Серик Алзаховду уксак:

- Чегирткелер менен канчалык күрөшкөн менен арасында калып кетиши мүмкүн. Эгерде бир чарчы метр жерде беш чегиртке болсо кадимки көрүнүш, бирок элүү же анда ашса экономикага зыян. Чегиртке быйыл эле эмес жылда эле болот. Бирок быйыл аба ырайы кургак болгондуктан чегирткелер көп болду.

Кургакчылыктын айынан чөп чыкпай көп жер такыр калганы аз келгенсип, анча-мынчасын чегирткелер мойсоп жатат. Жай күздө жакшы чөп жебей эт топтобогон малды кышында жут алышы ыктымал дешет адистер. Ошентип бул кышта данга кошул ташыл болуп эт дагы тартыш болот шекилдүү.

Бириккен Улуттар уюму баш болгон бир катар эл уюмдар Борбор Азия жумуриятына чегирткелер менен күрөшүүгө жардам берүүгө аракет кылып жатышат. Бирок чегирткеден олуттуу жабыр тарткан айрым аймактар үчүн мындай колдоолорго кеч болуп калды окшойт.
XS
SM
MD
LG