Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:29

16:17 Кыргыз айылына өтүп ок чыгарган тажик чегарачысына кылмыш иши козголду


Өткөн аптада Тажикстандын Согду облусунда орун алган чегара отрядынын аскерлери мас абалында чегара тилкесинде орун алган Карабак айылынын аймагына мыйзамсыз өтүшүп, жергиликтүү жашоочуларды опузалап, эки жолу ок чыгарышкан. Жергиликтүү айылдык ички иштер кызматкерлери менен Карабак айылынын жашоочулары биргеликте, бейбаштык уюштурушкан тажик чегарачыларынын бирөөсүн кармаганга үлгүрүшкөн. Учурда Баткен райондук ички иштер бөлүмү, Согду чегара отрядынын аскери Ташбулат Чутовдун үстүнөн Кылмыш кодексинин 234-346-беренелеринин негизинде, “бейбаштык жана чегараны мйзамсыз басып өткөн” деп кылмыш иш козгоп, аны Баткен райондук сотуна өткөрүп берген. Бул тууралуу 4-июнда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев “Азаттыкка” маалым кылды. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG