Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

16:48 Бүгүн Ошто “Ак жол” партиясынын шаардык конференциясы өттү


Анда уюмдун шаардык төрагасы Кубаныч Исаков көптөгөн саясий күчтөр Кыргызстанды ыдыратып, жик-жикке бөлүүгө ыктаганын, ошондо «Ак жол» партиясы уюшулуп, кыска мөөнөттө реалдуу саясий күчкө айланып, ар түрдүү социалдык топтордун башын бириктирип, өлкөнү чоң кризистен куткарганын билдирди. Кубаныч Исаков өз сөзүндө мындан ары мүчөлөрдүн санын гана эмес сапатын жакшыртууга, саясий-экономикалык жана социалдык реформаларды жүзөгө ашырууда аткаруу бийлигине бекем тирөөч болууга, аймакты өнүктүрүү максатында азыркы президенттин тегерегине тыгыз баш кошууга үндөдү. Конференцияга байкоо салган оштук серепчи Орозбек Муратов иш-чарага көбүнчө окуу жайлардын студенттери, ошондой эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлери күчтөп катыштырылгандыгын, «Ак жолдун» план-программасы туурасында олуттуу кеп болбогондугун, мындай партиянын болочогу алыска узабасын айтты. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG