Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ушул күндөрү Израил менен Ирандын кайым айтышуусу кайрадан эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Вашинтонго жүргөн Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бул коомчулукту "Ирандын өзөктүк курал --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/742668A0-4798-477B-9922-069DC4F30195.asp жасап жатышын токтото албайт" деп күнөөлөдү. Ал эми Римде жүргөн Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад "Израил жер үстүнөн жок болот" деген көз ачыктыгын кайрадан кайталады. Эки жетекчинин мындай ачык айкайлашуусунун алдында Эл аралык Өзөктүк кубат агенттиги (МАГАТЭ) "Иран өзөктүк курал жасоого аралашып калган болушу мүмкүн" деген тынчсыздануусун билдирген эле.

Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт 3-июнда Америкалык-израилдик коомдук иштер комитетинде чыгып сүйлөдү:

- Иранга каршы эл аралык экономикалык жана саясий санкциялар олуттуу мааниге ээ, бирок алар алгачкы гана кадам. Аларды дагы кескин көбөйтүш керек. Ирандын эл аралык резолюцияларды көзгө илбегени жана алдап, танган тактикасын улантып жатышы мындай кескин чараларды чукул арада көрүш керек экендигин айгинелейт.

Вашингтондогу сөзүндө Олмерт Иран менен ишкер мамиле түзгөндөр "эртеңки куйруктан бүгүнкү бөйрөк" деген кыска ойго жетеленип жатканын, Иран өзөктүк куралга ээ болсо, мунун куну оор болуп калаарын эскертти. Анын ишениминде, ишкерлердин каттоосуна тыюу салуу, финансылык төлөмдөргө бөгөт коюу жана Ирандын тазаланган күйүүчү май сатышына тоскоолдук көрсөтүү сыяктуу кошумча санкциялар зарыл.

Иран "өзөктүк курал жасап жатат" деген шектенүүнү такай четке кагып, анын өзөктүк программасы тынчтык максат менен гана чектелээрин айтып келет.

Анын аралыгында, Ирандын президенти Римде "Израил акыр-аягында жер үстүнөн жоголот" деген ырастоосун кайра кайталады:

-Бардык баскынчылар жана оккупанттар бизди туура түшүнөт. Биз каалайбызды, каалабайбызбы, акыры бул боло турган иш. Мындан Европада да утат, - деди Римде өтүп жаткан азык-түлүк самитинде Ахмединежад.

Ал Израил бийлигин "карышкыр терисин жамынган" ционисттик режим деп атап, анын кесепети Европага тийип жатат деп ырастады.

Бул кайым-айтышка Вашингтондо Олмерт сүйлөгөн жыйынга катышкан АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс да кошулду:

- МАГАТЭнин отчетун көрдүк, Иран эмне үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуп, уранды байытып жатат? Эмне үчүн Ирандын өзөктүк программасынын бир бөлүгүн Ирандын армиясы көзөмөлдөйт? Иран эмне үчүн эл аралык эксперттердин ядролук ишканаларын каалагандай текшеришине жол бербейт? Мунун баары баланын оюну эмес экенин баарыбыз түшүнүп жатабыз.

Райс кайсы тема боюнча болсо да Кошмо Штаттары Иран менен сүйлөшүүгө даяр экендигин, бирок бул үчүн Иран Бириккен Улуттардын резолюцияларын аткарышы керектигин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG