Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Пан Ги Мун дүйнөдөгү азык-түлүктү өндүрүү үчүн бир нече миллиарддаган доллардык каражат керектигин айтты


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Римдеги үч күндүк дүйнөлүк саммитте чыгып сүйлөп жатып, азык-түлүктү жетиштүү өндүрүү үчүн жылына кеминде 20 миллиард доллардай каражат жумшоо зарылдыгын белгиледи. Бүгүн Пан Ги Мун Бириккен Улуттар Уюмунун чукул чараларын ачыктады, алардын арасында жакыр өлкөлөрдөгү дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн капиталдык салымдарды көбөйтүү, соода алакаларындагы тоскоолдуктарды азайтуу сунуштары бар. Исламдык Өнүгүү Банкынын жетекчилиги жакыр өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 1,5 миллиард доллар каражат сарптай турганын жарыялады. Ал эми БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы болсо дүйнөдөгү азык-түлүк кризисине өзгөчө кириптер болгон он миллиондогон кишилерге чукул жардам иретинде 1 миллиард 200 миң доллар акча каражаты бөлүнөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG