Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

КУМТӨР: АЛТЫН ҮЧҮН КАРМАШ КЫЗЫДЫ


4-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитети Кумтөргө байланыштуу маселени карап, “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүнү улантууну өкмөткө тапшырды. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүсүнө караганда, канадалыктар кыргыз тараптын сунуштарына ушул кезге чейин жооп бере элек. Алар эки тараптуу талашты эл аралык арбитражда чечүүгө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/B07B153C-52BF-4EDA-A8D1-95EDC4D4BD40.asp бел байласа, кыргыз тарап бир жагынан сүйлөшүүнү улантууну жактап, экинчи жактан 2003-жылдагы “Центерра голд инк” коррупциялык максатта түзүлгөнүн билдирүү менен чабуулга өтүүдө.

Канаданын “Камеко” корпорациясы Кумтөр алтын кени боюнча 1992-жылы келишим түзүп, андан бери Кумтөрдөн канадалыктар 2 миллиард 400 миллион долларга, же 200 тонна алтын казып алышкан. Ал эми Кумтөр кенинде жалпысынан 726 тонна алтын бар экени геологиялык изилдөөлөрдө аныкталган.

Алгачкы келишимдерге ылайык Кумтөрдө Кыргызстандын акциясы 67% болуп, бирок 2003-жылы 31-декабрдагы келишим боюнча 32,66% болуп калган. Анын 18% кыргыз тарап 2004-жылы сатып жиберген.

Кыргыз тараптын позициясын жакшыртуу максатында өткөн жылы ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев түзгөн комиссия канадалыктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, 2007-жылы 30-августа келишимге кол коюлган. Ага ылайык кыргыз тараптын акциясы 16%га жакын көбөйтүлгөн.

Бирок ал келишимде кыргыз тарапты канааттандырбаган жаңы жагдайларга байланыштуу жаңы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун чечими менен өнөр жай, энерегетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков башында турган комиссия түзүлгөн. Жаңы комиссия менен канадалыктар апрель айында жолугушуп, алгачкы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок андан кийин канадалыктар кыргыз тараптын сунуштарына жооп бербей койгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Элмира Ибраимова билдирди:

-Канада тарап сүйлөшүүлөргө келген. Анда алар кыргыз тараптын позициясын жакшыртууга макулдугун берген. Бирок Бишкектен кеткенден кийин алардан эч кандай ишаара болбой калды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Кубанычбек Исабеков кыргыз тарап канадалыктар коюп жаткан маселелер тууралуу буларды билдирди:

-Бизде “Кумтөр оперейтинг компани” боюнча суроолор бар. Белгилүү болгондой бардык иштерди “Кумтөр голд компани” аткарат. Орто жерден эле эч нерсе кылбаган “Кумтөр оперейтинг компаниге” 5 миллион доллар чыгымдалууда. Камеко ошондой эле фирмаларды Багама аралында каттоого берүүдө. Бул арам акчаны адалдоо максатында жасалары турган иш.

Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, салык жана бажы кызматтары тарабынан Кумтөргө дээрлик 1 миллиард сомдук айып коюлган, бирок текшерүүчүлөрдү канадалыктар киргизбей жатат. Кумтөр ушул кезге чейин чыгашалуу ишкана бойдон калууда. Кыргызстан кен иштетилгенден бери болгону 10 миллион доллар гана дивиденд алган.
Кыргыз тарап азыркы мезгилде салык, бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди жоюуну да караштырууда.

Ал эми өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, “Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев Кубанычбек Исабеков тарабынан канадалыктарга кине жумшак түрдө коюлганын айтып, “Центерра голд инк” компаниясын түзүү коррупциялык иш болгонун ачыктады:

-2003-2004-жылдагы келишимдин эч кандай күчү жок. Анткени алар мамлекеттик ички процедуралардан өткөн эмес. Ал келишимдерди легитимдештирүүгө аракет жасаган ал кездеги Юстиция министрлеринин коррупциялык билдирүүлөрүнүн да күчү жок. Ал боюнча финансы полициясы кылмыш ишин козгогон жана тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат. Азыркы кезде 2003-жылга чейинки келишим күчүндө жана анын мөөнөтү да быйыл аяктайт. Ошондуктан канадалыктарды кууп чыгарып койбогонубузга алар ыраазы болуш керек.

Алексей Елисеевдин айтымында, Алмаз Атамбаевдин келишимин ратификациялоо 2003-жылдагы Танаевдин элге каршы келишимин легитимдештирүүгө алып келет. Ошондуктан комиссия атамбаевдик келишимди ратификациялоого каршы жана эгерде жаңы сүйлөшүүлөрдө макулдашууга жетишилбесе, анда кыргыз тарап өзү эл аралык арбитражга кайрылууга тийиш.

Комитеттин жыйынында ошондой эле 2007-жылдагы келишимге ылайык кыргыз тараптын акциясы 31% жетет деген маалыматтын чындыкка туура келбестиги, чындыгында 29.2% гана жетээри белгиленди. Андан сырткары Кыргызстанга тийиштүү акция берилгенден кийин “Центерра голд инктин” өзүнө кошумча 10 миллион даана акция чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү айыпталды.

Мына ушундай талкуулардан кийин комитет чечим кабыл алды. Анын мазмунун комитет төрагасы Эрик Арсалиев айтып берди:

-Биздин өкмөт сүйлөшүүгө кайрадан киришиш керек. Биздин тапшырма ушундай болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG