Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

АЗЫК-ТҮЛҮК КРИЗИСИНИН ЖҮГҮН БАЙ ӨЛКӨЛӨР КӨТӨРӨТ


Амирбек Усманов, Прага Римде дүйнөлүк азык-түлүк кризисине каршы күрөшүү боюнча эларалык конференция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/B197FE4C-EA95-48CB-A3A2-35A31584D148.asp уланууда. Улуттар Уюму азык-түлүк тартыштыгын жеңилдетүү үчүн жарды өлкөлөргө тез арада жардам көрсөтүүнү, ал эми өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн чакан дыйкан чарбаларын үрөн жана жер семиткичтер менен камсыздоону сунуш кылды. Сунуш колдонууда. Аны аткаруу үчүн жылына 30 миллиард доллар зарыл. Азырынча бул акча кайсы булактан алынары белгисиз.

Римдеги саммиттин максаты - азык-түлүктүн кымбатташына каршы күрөшүү боюнча жалпы чара иштеп чыгуу. Маселени тезинен чечүүнүн зарылдыгын статистикалык маалыматтар айкындап турат. Айтсак, 2005-2007-жылдары ундун наркы эсеге өстү. Акыркы эки айда Азия жана Африкада күрүч эки эсеге кымбаттады. Мисирде, Гаитиде, Африканын бир катар өлкөлөрүндө тамак-аштын баасынын жогорулашы элдин нааразылыгын жаратып, кагылыштарда бир нече адам набыт болду.

Улуттар Уюму чукул чара көрүлбөсө, көбүн эсе жарды өлкөлөрдө ачкачылык чоң тополоң менен коштолот деп кооптонот. Ошон үчүн уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнөдө азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртууга чакырды.

-Биз 2030-жылга азык түлүк өндүрүүнү 50 процентке көбөйтүүбүз шарт. Бул жагынан алганда, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Дүйнөлүк банк 10 өлкөнү колдоо долбоорунун түзүүдө, келерки үч айда ушундай эле долбоор дагы 20 өлкө үчүн түзүлөт.

БУУ азык-түлүк кризиси менен күрөшүү боюнча бир нече сунушту киргизди. Биринчиси, кедей өлкөлөргө токтосуз жардам көрсөтүү. Азыр өтө жарды өлкөлөрдүн калкы кирешесинин 80 процентин тамак ашка жумшайт. Андан көп жумшаганга чама-чаркы жетпейт. Экинчиси, өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү чакан дыйкан чарбаларды үрөн жана жер семиткичтер менен камсыздоо. Удаа эле дандын асыл тукум сортторун өндүрүү боюнча изилдөөлөрдү ыкчамдатуу. Улуттар Уюму береги чараларды Рим саммитине катышкан өлкөлөр колдойт деген үмүттө.

Бул иш-чаралар үчүн, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму - ФАОнун башкы директору Жак Диоуфтун эсебинче, жылына 30 миллиард доллар керек. Кризисти алдын алып, тез аракет көрүлбөсө, экономикасы чабал өлкөлөрдөгү абал дагы курчуйт, деп эскертти Диоуф:

-Жакында эле түрдүү өлкөлөрдө социалдык жана саясый трагедияга: тополоң жана адам өлүмүнө алып барган глобалдык азык-түлүк кризисине каршы чара көрүүбүз абзел. Болбосо, дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туулат.

Донор өлкөлөр Римде Улуттар Уюмунун азык-түлүктүн баасынын жогорулашына каршы күрөшүү боюнча сунушун аткаруунун жолдорун макулдашып алуусу керек. Ошондо да бул маселе өнөр жайы өнүккөн сегиз өлкөнүн июлда Жапонияда болчу саммитинде такталып чечилет сыяктуу.

Дүйнөлүк азык-түлүк саммитине "Азаттык" үналгысынын Римдеги кабарчысы Ахмад Рафат да катталган эле. Ага карабастан, теги ирандык Ахмад Рафатты саммиттин коопсуздук кызматы 3-июнда жыйынга киргизбей койду. Радионун жетекчилиги ФАОго бул окуя жөнүндө билдиргенден кийин, шаршемби күнү уюмдун коомчулук менен кызматташуу боюнча директору Ник Парсонс кечирим сурады жана "Азаттыктын" кабарчысы жыйындарга эркин кире бере турганын кабарлады.

Сүрөттө ФАОнун башкы директору Жак Диоуф

XS
SM
MD
LG