Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

4-июнда Тянанмен аянтындагы кыргынга 19 жыл болду. Кытайдын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/D9E9F9A0-FBA7-48A6-802E-A713BB6E3E86.asp ордо шаары Бээжинде 1989-жылы 4-июнда демократиячыл күчтөрдүн ири демонстрациясы кандуу жазалоо менен басылган. Гонконгдо миңдеген укук коргоочулар бул жылдыкка байланыштуу шам чырак күйгүзүп, жазыксыз курман болгон маркумдарды эскеришүүдө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тянанмендеги окуя - өлкөнүн ички окуясы экенин жана ага катышы барлар өз баасын алганын кечээ билдирди, бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак бул билдирүүгө макул болбостон, Тянанмен аянтында курман болгон, камакка алынган жана дайынсыз жок болгон кишилер тууралуу расмий Бээжин толук маалымат берүүгө тийиштигин айтты.

Кытай боюнча адистешкен жаш саясат таануучу Сардар Бирманов “Азаттыкка” куруп берген маегинде, Кытай бийлиги 19 жыл мурда болгон окуяларды унутпашы зарыл деген пикирде.

“Азаттык”: -Сиздин баамыңызда, Тянанмендеги кыргынга эмне себеп болгон?

Сардар Бирманов: -Акыркы күндөрү Тибеттин тегерегиндеги окуяларга, ошондой эле жакында Чыгыш Түркстан провинциясындагы уйгур балдарынын камакка алынышына күбө болуудабыз. Бул окуялар Кытайдагы соңку жаңы тарыхтагы айрым маселелерди көтөрүүдө.

Тянанмен аянтындагы кыргын - бул Кытайдын ички маселеси. Албетте Кытай өз бийлигинин күчүн колдонуп, ошол мезгилге жараша бул маселелерди чечкен. Бирок ошол эле учурда жалпы адамзаттык принциптер, нормалар четке калбаш керек эле, алар бузулбашы керек болчу. Ошону дагы Кытай бийлиги эске алышы зарыл эле.

Ошол эле учурда бул жалгыз гана Тянанмен аянтындагы окуянын чечүү жолу болгон жок. Бул жалпы эле Кытай Коммунисттик партиясынын бийлигинин ушундай башкаруу стили, же болбосо талаштуу кандайдыр бир маселелерди чечүү стили деп айтып койсок болот.

Кытай өкмөтү каалайбы-каалабайбы, баары бир ошол жалпы адамзатка таандык нормаларды, принциптерди эске алып, кийинки учурда ошол Тянанмендеги болгон окуяларды кайта кайталабоого тийиш. Жалгыз гана Чыгыш Түркстан же болбосо Тибет маселеси гана эмес, ошондой эле Тайван маселеси бар. Кытай мындай окуяларды кайталабоого аракет жасашы керек.

“Азаттык”: -АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак Кытай расмий маалымат бериши керек деп жатат. Кытай аны берүүгө милдеттүүбү?

Сардар Бирманов: -Эгерде Кытай өкмөтүнүн жашыра турган эч нерсеси жок болсо, өзү айтып жаткандай ошол кезде тарыхый, саясий шарттарга ылайык мына ушундай кадамдарга барган болсо, анда аны албетте ачыкка чыгарышы керек. Эгерде ал ачыкка чыгарбаган болсо, жалпы дүйнөлүк коомчулугунун Кытай өкмөтүнө карата шек саноосу кала берет. Бул шек саноону жоготуу үчүн Кытай өзү тараптан ачык-айкын, тарыхый чындыкка жакын болгон маалымат бергенге аракет жасашы керек.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.

Зейнеп Мартбек кызы, Эдил Сапарбек уулу, Бишкек
XS
SM
MD
LG