Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Дүйнөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр, мунай кымбатташынан улам Жакынкы Чыгыштын кара майга бай өлкөлөрүнүн кирешеге туйтунушу шарияттын жол-жобосу боюнча иштеген ислам --> http://www.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/03/1a8fbbc8-27db-46bc-a093-e0fdfaf48fca.asp банктары да инвестициянын жаңы түрлөрүн киргизе баштоосуна жол ачууда. Адистердин айтымында, исламдык каржы институттары азыр дүйнөлүк банк индустриясынын маанилүү бөлүгүнө айлана баштаган кези. Ошол эле учурда бул чөйрөдө Куран эмнеге тыюу салып, эмнеге уруксат берери боюнча талкуулар али токтой элек.

Айрым эсептөөлөргө караганда, акыркы жыйырма жыл ичинде ислам банктарынын активдери 300 миллиард долларга чыкты. Исламдык каржылоо институттарынын башкы кеңеши деген уюмдун болжолунда, бул көрсөткүч алдыдагы беш жыл аралыгында бир триллион доллардан ашат. Жогорудагы цифралар жеке банк эсептериндеги акчаны камтыбайт.

Эсептөөлөр жана божомолдор боюнча дүйнөдөгү 1 миллиард 300 миллион мусулмандын жыйган-тергенинин эң көп дегенде жарымы 2015-жылга карата исламдык каржы институттары аркылуу жүгүртүлмөкчү.

Ошентип, азыр шариятка негизделген каржылоо да дүйнөлүк банк системасынын маанилүү бөлүгү катары каралууда. Асиф Мумтаз Британиядагы HSBC банкынын исламдык каржылоо менен алектенген бөлүмүндө иштейт. Анын айтымында, шариятка ылайыкташкан инвестиция азыр рыноктун өзгөчөлөнгөн тармагы эмес, бирок ислам банктары кадимки банктардын көңири чөйрөдөгү кызматтарына атаандаштык жаратыш үчүн шариятка негизделген жаңычыл схемаларга муктаж:

-Эгер кадимки банктар менен салыштырып карасак, алар миңдеген жылдар ичинде калыптанды. Шариятка негизделген же исламдык банк системасына кырк эле жыл болду. Ооба, азыр бир өзүбүздүн чөйрөдөн аттап өтүп, кеңири чөйрөгө багыт ала баштадык. Бул жерде толук орун-очок табыш үчүн биз ой-жүгүртүүнүн инновациялык жараянына муктажбыз.

Адистердин айтымында, ислам банктарынын негизги принциби - сүткорлукка жол бербөө. Аманатка салынган же насыяга берилген акча Куранда айтылгандай "рибасыз" же үстөк пайдасыз болушу керек. Ошондой эле ислам банктары Куран тыюу салгандыктан, кадимки банктардан айырмаланып, кардарларынын акчасын арак-шарап өндүрүшүнө, кумар оюну сыяктуу тармактарга инвестиция кыла албайт. Ал эми банкка акчасын салган адам үстөк пайыздын ордуна кошумча каражатты кирешени жана чыгымды бөлүшүү боюнча банк менен алдын ала түзүлгөн келишимге негиденип гана ала алат.

Жогорудагыдай жагдай Батыштын кадимки банктарына салыштымалуу ислам банктарына акча салган амантчылар үчүн көбүрөөк тобокелчилик жаратууда. Исламдык каржылоо боюнча эксперт Абдул Гафур мындай дейт:

-Ислам банктарынын азыр өкүм сүргөн ыкмалары менен көп адамдар макул эмес. Алар азыр арабча "мудараба" деп аталган моделди ишки киргизүүнү сунуш кылышууда. Бул мындайча айтканда, бизнестеги тобокелчиликти, пайданы жана чыгашаны бөлүштүрүүнү карайт. Бирок бул ыкма көп колдонулбай жүрөт, колдонулса да көбүнесе бир тараптуу, аманатчынын пайдасына эмес.

Ислам банктарында азыр кеңири жайылган ыкма боюнча эгер банк аманатка салынган акчаны башка бир фирмага берип, ал банкрот болуп калса, аманатчы иш жүзүндө жыйган-тергенинен кол жууп калышы мүмкүн.

Ариф Исмаил ал-Хури Араб эмираттарында быйыл иштей баштаган ислам банктарынын биринин башкы менеджери. Анын айтымында, Перси булуңундагы өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн улануусу ислам банктары мусулман дүйнөсүнөн талаптарын орундатышы үчүн каржылоо жолдорун көбөйтүүсүнө алып барды. Ал-Хури белгилегендей, эсеп ээлери да банктын акционерлери өңдүү эле тобокелчиликке туш болгондуктан азыр ислам банктарын кирешелүү кылуу боюнча талаптар күчөөдө:

-Ал биз былтыртан бери эле киреше менен чыгашабызды каалап жатат. Акционер катары, алар ар убак ушуга карашат. Бирок, иншаала, биз бир жылдан кийин киреше алабыз деп жатабыз.

Ислам банктарынын аялуу жактарын айткандар төмөнкү жагдайды белгилешет. Куран тыюу салган нерселерге өзгөчө көңүл бургандык ислам банктарын кара майга карк араб өлкөлөрүнүн бай кардарларына гана кызмат кылып калууга мажбурлаган. Исламдык каржылоого адистешкен консалтинг компаниясынын башчысы Майкл Гасснер "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, ислам банктары жакыр мусулмандарды микрокредиттер менен камсыздап, турмуш-тирчилигин жакшыртуусу үчүн өз эрежелерин кайра карап чыгышы керек:

-Биз муктаж болуп жаткан нерсе ислам тыюу салгандарды чыгарып салуу гана эмес, дин сунуш кылгандарды да киргизүү. Демек биз жакыр адамдарды каржылоону кантип жакшыртарыбызды, жакыр адамдарга да кардар катары кантип кызмат көрсөтө аларыбызды, алар менен кантип акча таап, эң жакырлар менен да кантип кирешеге ээ болорубузду карашыбыз керек. Булар биз келечекте кыла турган нерселер.

Адис кошумчалагандай, азыр мусулман дүйнөсүндө инвестициянын багыттары өзгөрүп жатат. Ислам таануучулар баалуу кагаздар базарындагы инвестицияны кумар оюнунун бир түрү деп жарыялашканы менен ушул чөйрөнү көздөй да кыймыл кетүүдө. Жакынкы Чыгыштын Бахрейн, Кувейт, Катар, Сауд Аравия, Араб эмираттары өңдүү мамлекеттеринде инвесторлор мусулман дүйнөсүндөгү турмуш-шартты жакшыртуунун жолдорун көбүрөөк ойлоно башташты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG