Орусиянын жаңы президентинин Берлиндеги сапары кыска мөөнөткө, сегиз эле саатка мерчемделгени менен ал өзүн бийликке алып келген мурдагы мамлекет башчысына салыштырмалуу канчалык либералдуу курсту кармана аларын, Орусиянын тышкы саясатынын багыттарын чындап ким аныктарын көргөзө алгыдай окуя болушу мүмкүн.
Анткени премьер-министр Владимир Путин май айынын башында бийлик алмашкандан бери эми өкмөт башчысы ирээтинде биринчи ирээт өткөн аптада Батышка, атап айтканда Францияга жогорку деңгээлде сапар жасап, сууну булгагандай болду.
Москвалык талдоочу Евгений Волктун көз карашында, Орусиянын тышкы саясатынын чегинен алганда жаңы президент насаатчысы Путиндин тышкы саясатын өзгөртөрү күмөндүү:
-Европадан адаттагыдай эле басым эң жакынкы саясий жана экономикалык өнөктөштөрдүн бири - Германияга коюлат. Германияга сапар жасоо менен Медведев мурдагы тышкы саясий курсту улантууда. Муну менен Батышка Орусия Путин кезиндеги тышкы саясат карманары тууралуу белги берүүдө.
Дмитрий Медведев президент катары тышкы саясий сапарын Чыгыштан баштап, жакында Казакстан менен Кытайда болгон эле. Байкоочулардын баамында, эми Германияга баруу менен Европаны Москва аны менен да көпүрө курууга кызыкдар экенине дагы бир ирээт ишендирүүдө.
Айткандай эле Германия Орусиянын эң негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 53 миллиард долларга жеткен. Тараптар учурда Орусиянын көгүлтүр отун Европага Германия аркылуу чыгаруу үчүн Балтика деңизинин түбү аркылу куур төшөөдө.
Немис канцлери Ангела Меркел жалпысынан КГБнын мурдагы офицери Путинге салыштырмалуу либералдуудай көрүнгөн Дмитрий Медведев менен жакындан таанышуу үчүн ал президенттикке шайланар замат эле Москвага келип, Батыш лидерлери ичинен эң биринчи болуп жолуккан.
Удулу келгенде Орусияны ачык сынга алып жүргөн Меркел айым Берлиндеги сүйлөшүүлөрдө өлкөдөгү демократиянын, адам укуктары, сөз эркиндигин абалы боюнча Батыштын тынчыздануусун айтаары күтүлүүдө. Бирок мындан таасир болушу мүмкүнбү? Берлиндеги «Маршал» фондунун аналитиги Жерг Химмелрейх мындай дейт:
-Жалпысынан Орусия сыяктуу державанын тышкы жана ички саясатына таасир этүү кыйын. Ал балким тышкы саясатты кантип жүргүзүү, демократияны кантип кармануу керектиги жөнүндөгү лекцияларга карк болуп бүтсө керек. Бирок Орусиянын ички жана тышкы саясаты ал АКШ жана Европа кеңеши менен түзгөн бир катар келишимдерге, өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү расмий макулдашууларга ылайык келбешин ачык көргөзүп туруу маанилүү.
Берлиндеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө ошондой эле энергия баасы, Косово өңдүү Батыш менен Орусия ортосундагы талаштуу темалар сөз болуп, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны, Чоң сегиздин саммити өңдүү маселелер да каралат. Орус президенти Медведев канцлер Ангела Меркелден тышкары немис президенти Хорст Келлер, тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен да жолугуп, мыйзамгерлер менен ишкер чөйрөнүн миңдей өкүлү астында сөз сүйлөйт.