Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

КҮЗДӨ КЫРДААЛ КУРЧУЙБУ?


“Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу күз айларында өлкөдө элдик толкундоолор болушу мүмкүн деп болжоп, аны алдын алууга президент Курманбек Бакиевди чакырууда. Саясатчы эки күн мурун жазган катында --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/AB6951F2-05C4-465F-91F8-6FA984D9A7BF.asp президентке тегерек үстөл уюштурууну сунуш кылды. Бийлик өкүлдөрү жана аларга жан тарткан тарап болсо социалдык чыңалуулар тууралуу божомолдорду оппозициянын кезектеги ойлоп тапканы катары карашууда.

Өлкөдө азык-түлүккө, отунга баанын өсүп, тейлөөнүн кескин кымбатташы күздө тиричиликте каатчылык башталат деген божомолдорду жаратууда. Буга адам укуктарына, сөз эркиндигине чектөөлөр кошулуп толкундоолорго алып келиши мүмкүн экендигин жакынкы күндөрү жарыялагандардын бири мурдагы акыйкатчы, өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган Турсунбай Бакир уулу болду:

- Баары азыр бирдеке менен алаксып жатат. Бирок жайдан кийин күз келет да. Күздө болсо дагы бары-жогу кымбаттайт. Элдин нааразылыгы көчөгө чыгып кетиши мүмкүн. Бизде бийликке каршы элди уюштура турган күчтөр бар. Алар – оппозициялык күчтөр, жеке инсандар, нааразы болгон жөнөкөй калк.

Турсунбай Бакир уулу муну алдын алуу президенттин колунда дейт. Ошондуктан, саясатчы Курманбек Бакиевдин дарегине кат жолдоп, чыңалууга алып бараткан өлкөдөгү бардык кыйчалыш маселелерди тегерек үстөлгө чыгарууну сунуш кылган. Курманбек Бакиев президенттикке мурдагы бийлик кетирген каталыкты оңдойт деген үмүттүн арты менен келгенин эстен чыгарбаганы оң деди журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында. Анын айтымында, “Ак жол” партиясынын лидери бул сунушту эске албаса, “ЭрК” партиясы күзүндө “Акыйкат үчүн” кыймылынын катарында нааразылык акцияларына чыгышы мүмкүн:

-Кулагы укпаган, көзү көрбөгөн бийликтин кереги жок. Эски падышалар дербиш болуп кийинип алып өздөрү кыдырчу эле. Бүгүн элди эч ким укпай калды. Бүгүн эл коркуп калды. Бүгүн жөнөкөй эл чындыкты айткандан коркот, өзгөчө бюджетте иштегендер.

“Акыйкат үчүн” кыймылы күзүндө кандайдыр бир нааразылык акциясын уюштурары тууралуу эч кандай маалымат тарата элек. Бирок азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындап жүргөн Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязов, көз карандысыз жашап көнгөн эл азыркы бийликтин жеке басар саясатына эртеби-кечпи өз оюн айтат дейт. Ал эми Турсунбай Бакир уулу сунуш кылып жаткан тегерек үстөл өткөрүүдөн майнап чыкпайт:

-Мен ойлойм тегерек үстөлдү өткөрүү зарылчылыгы жок болуп калды. Президенттин жүргүзгөн саясаты акылы бар ар бир адамга белгилүү болуп калды. Канча тегерек үстөл өткөрбөсүн, өзүнүн билген ишин жасайт экен. Бул жакшылыкка алып келбейт.

“Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун сунушун колдогонун эске албаганда, референдумдан кийин президент Бакиевдин оппозиция менен кызматташуу аракети байкала элек. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин билдиргенине караганда, Бакиевдин жакын аралыкта деле оппозиция менен тегерек үстөл же башка формада жолугушуу планы жок, президент саясатты эмес, экономиканы өлкөдөгү башкы маселе деп эсептейт:

-Азыркы биринчи максат - баалардын өсүшүн көзөмөлдөө, өнөр жайды бутуна тургузуш, экономиканы өстүрүш. Мына ушул маселелер негизги орунда болуп атат.

Анткен менен бийликке сынчыл көз караштагы саясатчылар бийлик деле оппозиция сыяктуу эле күздө элде нааразылык чыгабы деп чочулап турат дешүүдө. “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров муну бийликтин акыркы аракеттери, анын ичинде кадрдык алмаштыруулары менен байланыштырды:

-Күздөн баштап жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Ошонун бардыгына азыр кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүп, дайынданып албаса, албетте, баалардын кымбатташы жана башка кризистик абалдын курчушуна жараша саясий абал да курчуйт.

Ошол эле мезгилде, бийликке ыктагандар мындай божомолдорго оппозициянын көбүртүп-жабыртуулары катары карашууда. Маселен, президенттин күзөт кызматын жаңыдан колго алган Жаныбек Бакиев күздө кырдаал курчуп кетет дегенге дегеле ишенбейт. “Лица” гезитине мурдараак берген интервьюсунда ал жаз, күз маалында эл көтөрүлөт деген божомолду мезгил алмашкан сайын кайталанып келаткан өнөкөт кеп катары баалаган.

Ошол эле мезгилде учурда турмуш-тиричилик кымбаттап бараткандыгы коомчулук талкуулаган башкы темага айланып турат.

- Бул оппозиция, укук коргоочулар же активисттер жасаган иш эмес. Бул кыргыздын реалдуу турмушу, - деп билдирди кымбатчылыкты эл июнь айы башталганда ого бетер катуу сезе баштаганын белгилеген жарандык лидер Төлөкан Исмаилова. Укук коргоочу элдин тиричилиги оорлошуп турганын өкмөттүн ишти алып бара албай жаткандыгы менен негиздеди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG