Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44
“Президенттик шайлоо жакындап келатат” деп кулак кагыш кылган “Общественный рейтинг” гезити президенттик жарышка түшүүсү мүмкүн деген саясатчылардын алдыдагы саясат сапарына саресеп салат. Феликс Кулов менен макаласын баштаган гезит, бир кездеги “темир генерал” эл алдында жылаңач калды, бирок король бойдон кала алган жок, идеасыз, колдоочусуз жана бийликсиз калды, эгер Феликс Кулов президенттикке ат салышып кулап түшсө ага эми эч ким таң калбастыгын айтса, Адахан Мадумаров тууралуу ал 2005-жылдын майында президенттикке ат салыша тургандыгын айтып алганын, чын эле ошол убактагы Мадумаров өлкөдөгү эң эле популярдуу саясатчы болгонун, эгер ал ошондо жарышка түшкөндө жеңишке жетпеген күндө да атаандашынын азабын колуна бир топ эле бермегин, бирок кийин өзү бийликке жеткен соң элге анын билинбеген, көрүнбөгөн сапаттары ачыкка чыкканын, эл эми Мадумаровду ар дайым акыл үйрөтүп какылдап турган, өзүнөн кызматы төмөндөрдү басып, тепсеп, залдан кууп чыккан саясатчы катары таанып, мамлекет башына келип калса кандай болот деген күзгү аркылуу карап калганын айтты.

х х х

Дагы бир реалдуу атаандаштардын бири Урмат Барыктабасов экенин, ал башында турган “Мекеним-Кыргызстан” кыймылынын офистери талкаланып, өзүнө кылмыш иши козголуп, издөө салынганын, ойлонулбаган мындай кадамга Урмат кандайча барганын айтуу кыйындыгын, бирок бир карасаң 2005-жылдын 24-мартындагы окуя менен 2005-жылдын ошол 17-июнундагы окуянын ортосунда принципиалдуу деле айырма табуу жөнөкөй иш эместигин, ошентип өткөн үч жыл ичинде Мекенинен сүргүнгө кетүүгө мажбурланган Урмат Барыктабасов элдин эсинен чыгып бараткан менен айрымдар аны президенттикке талапкер катары кайрадан эстей башташканын, эмне үчүн мындайлыгы татаалдыгын айтты.

х х х

Алмазбек Атамбаев кыргыз саясатындагы таанымал фигура экендигин, 2000-жылы эле президенттикке ат салышып, 11 пайыз добушка ээ болгонун, айрым сөздөргө караганда анын акча каражаты жана чет өлкөдөгү байланыштары жаман эместигин айтып жүрүшкөнүн, бир кезде ал баарына, алтургай митингке чыкканга да дайым даяр болсо, азыр андай болбой калганын баяндадды.

х х х

“2-президент революционер деген аттын түз мааниси менен алганда ага татыктуу болбой калды. Маселен орустар, орусиялыктар Путинди жакшы көрүп, анын айткан-дегендерин мисалга келтирип, ошондой болгулары келип, аны туурай башташкан. Путинден башка лидердин кереги да жок деп турушкан. Ал эми биздин эл Бакиевди орусиялыктар сүйгөндөй сүйөбү? Кыскасы Бакиевдин саясый потенциалынын картасы ачылды. Эми анын мындан кийинки портретине ар кандай штрихтерди кошумчалагандан деле эч нерсе өзгөрбөй тургандыгы белгилүү болуп калды. Бул портрет Журт атасынын эмес, катардагы саясатчынын портрети” деп сүрөттөгөн гезит акырында Өмүрбек Текебаевге токтолду.
х х х


2000-жылдагы президенттик шайлоодо Текебаев 14 пайыз добуш менен экинчи орунга чыкканын, ырасмий эмес маалыматтар боюнча алтургай Акаевди 1-турда эле жеңип чыккан деп айтып жүрүшкөнүн, эгер Текебаев 2-президент болгондо калыстык болмогун, анын арты бардык атаандаштарыныкына караганда тазалыгын, тилекке каршы революция толкуну ооматты башка сясатчыга оодарып кеткенин, Өмүрбек Текебаевдин эң чоң кемчилиги эмдигиче кыргыз оппозициясынын башын бириктире албагандыгында экенин, бирок азыр да кеч эместигин, ал саясатчы катары азыр да эл ишениминен ажырай электигин, жолунда ката да, жаза да басканы менен, өзүн да, өзгөнү да сатпагандыгын, эгер ушул жолу туура кадам жасаса 2010-жыл ал үчүн ийгиликтүү болорун анализге алды.

х х х

“Бакиевдердин кланына өлкөдөгү башка финансылык, материалдык булактардан алган кирешеси аздык кылып аткан го деп акчага муктаж болуп аткан “Бакиевдерге жардам” аттуу акцияны баштап, 1 сомдон чогултуп жатабыз” деп жазган “Де-Факто” гезити июндун экисинде, саат кечки 7де башталган акция улантылып жатканын, эки күн ичинде жашикке 11 234 адам келип 1 сомдон салып кеткенин, кечээ ушундай акция Нарын шаарында, бүгүн Талас менен Караколдо да башталганын, чогулган 1 сомдуктарды редакция Бакиевдердин биринин колуна элдин көзүнчө тапшырарын кабарлады.

х х х

Гезит кабарчысы Жыргалбек Касаболотовдун “Жансакчы Жаныш Бакиев” аттуу макаласында бул дайындоо президент Бакиевдин тегерегинде бир тууганынан башка ишеничтүү адамдары калбаганын көрсөтөрүн, болбосо мамлекеттик сакчылык кызматында өмүр бою кызмат кылган профессионалдар четтен табылмагын, демек президент өз коопсуздугуна коркунуч бар деп эсептээрин, мындай дайындоо балдарын күч органдарынын башына койгон Саддам Хусейндин элесин, элдин тагдыры менен топташ ойногон африкалык диктаторлордун симптому болорун, анткени Кокон хандыгынын салттарын жанына жакын туткан азыркы бийлик чөйрөсүнөн бардыгын күтсө болорун жазды.

х х х

Ушул эле гезит ЖК төрагалыгына жаңы келген Айтибай Тагаев жөнүндө ой-пикирлердин топтомуна орун берди. Социолог-мударис Кусейин Исаев, кеменгер кыргыз “эшегине жараша тушагы” деп коерун, спикер катары эларалык деңгээлдеги сясатчылар, элчилер, чет өлкөлүктөр менен жолугуп, пикирлешерин, ошого анын күчү жетер-жетпеси бат эле билинерин, ошон үчүн күтө туруу зарылдыгын айтса, “Айтибай Тагаев министрлерди бийлеткен №1 “террорист” деген ат менен гезитке интервью берген, революция башталганда эле минген атынын артына Акаевдин портретинилип алып “Отставкага кетсин” деп көчө аралап чапкан, ошол жоругу менен бүтүндөй кыргызстандыктардын эсинде калган Абдулла Капаров, революция өз тагдырына кубаныч алып келбегенин, кыргыз эли кайгырып аткандай эле ал да кайгырып жүргөнүн, кен-байлыктары бар бир нече гектар жер азыркы спикер Айтибай Тагаевге таандыгын, ушул жерлерден миллиондогон долларлар Өзбекстанга кетип атканын, Тагаев учурунда Москвада Акаевге резиденция салып бергенин, кен-байлыктарды түздөн-түз Айдар менен бөлүшүп турам деп айтып жүргөнүн угуп-билерин, ушу күндө 10-15тей карьерди 3 бригадага жардырып, саатына 200 тоннадан жүктөй турган экскваторлор жүктөп, 70-80 машина Өзбекстанга кетип атканын, алардын номуру да, таразасы жоктугун, Тагаевди эмне кылып атасың деп сурап койгон киши да жоктугун кенен кеп кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG