Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

12:00 Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизилет


Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга “кайрылман” макамын берип, аларга мамлекет тарабынан кепилдиктерди берүү тууралуу мыйзам өткөн жылы ноябрь айында кабыл алынган. Калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын бүгүнкү парламент отурумунда маалымдаганы боюнча иш жүзүндө мыйзамдын жетишсиздиктери байкалган. Кайрылман макамын алгандарга мамлекет тарабынан бир катар: паспорт, жашай турган жер-участок алууда жана башка кырдаалдарда жеңилдиктер берилген. ЖК депутаты Улукбек Ормонов мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен мамлекеттик пошлина жана визага акы төлөөдөгү жеңилдиктери алынып салынганы жакшы болбой калат, деген пикирде. Депутат Кубанычбек Исабеков кайрылман макамын алып, келип жаткан кыргыздар жалаң Ош менен Чүй облустарына гана жайгашууну каалап жатышкандыгын белгилеп, алыскы Атбашы, Акталаа райондорунан орун алып жашап калуусу үчүн аларга шарттарды түзүп берүүнү, калкты жайгаштыруу саясатын иштетүүнү сунуш кылды. Миграция комитетинин төрайымынын айтуусунда мыйзам боюнча кайрылмандар Кыргызстандын кайсы аймагына жашоону эркин тандай алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG