Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ: КУМТӨР БОЮНЧА КЕЛИШИМ СӨЗСҮЗ КАЙРА КАРАЛЫШ КЕРЕК


Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети кечээги отурумунда “Кумтөр” алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан улантылышы керек деген чечим чыгарды. “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүндүгүн “Азаттык” ЖКнын вице-спикери Кубанычбек Исабековдон сурады.

-Эми Алмаз Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда, тактап айтканда 2007-жылдын 30-августунда кол коюлган “Камеко” компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишим кайрадан каралабы?

-Сөзсүз түрдө кайрадан каралышы керек. Себеби кээ бир маселелер бүдөмүк болуп калган. Мисалы, Монголиядагы Боро менен Кадсфурд, Америкадагы Рен деген кендер жөнүндө бир дагы такталган маалымат жок. Биздин комиссия барып текшерип келдик. Көп маселелер азыркыга чейин Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чечилип атканына өзүбүз күбө болуп келдик.

-Кыргызстанга каршы чечилип аткан маселелерден конкреттүү бир-эки мисал келтирип кетсеңиз?

-Айтып өтсөк, төрт кен “Центерага” кирген, эң чоңу “Кумтөр” 716 тонна менен кирген, кийинчерээк 726 тоннага айланды. Себеби концентрат курамы көбүрөөк болуп калды бир тонна рудадан. Андан кийин Боро менен Гадсфурд Монголиядан, Рен Америкадан чет элдеги үчөөнү кошкондо дагы алты эсе биздикинен аз болуп эсептелет. Ошол эле маалда биз өзүбүз көрдүк, жалгыз эле Боро иштеп атыптыр. Анын запасы 42 тонна, 32 тоннасы казылып, сатылыптыр. Берки Гадсфурддун иштер-иштебеси белгисиз. Анын үстүнө ал жерде өкмөттүн бир дагы пайыз акциясы жок экен, бардыгы “Центера” менен кээ бир жеке адамдарга тиешелүү экен. Ал эми Рен болсо Штат Невададагы 62 эле пайызы Центерага карайт экен, калганын болсо “Барик голд” компаниясы сатып алган экен. Эртең мисалы “Центеранын” директорлор кеңеши өзү билип, өзү чечип бул кендерди сатып жиберсе дагы биз билчүдөй эмес экенбиз.

-Кечээ парламент комитетинде “Кумтөр голд компани” ишканасы салык төлөө жаатында бир топ мыйзам бузууларга баргандыгы да айтылбадыбы. Угармандарыбызга түшүнүктүү болсун, канча салык жашырыптыр. Эгер салыктан жашырса мыйзамдын алдында жооп бериши керек эле да?

-Негизи Кыргызстандын жарандары, же Кыргызстандын юридикалык ишканалары мынчалык кылмышкерликке барса эбак камалмак. А бул канадалык мырзалар болсо 993 млн. сомго салык, бажы жагынан ири чоң сумма болуп атат, буга ар кандай жаап-жашыруулар жана мыйзам бузуулар болгон. Анын үстүнө азыр “Кумтөр голд компани” ишканасын 3 жылдан бери текшере элек болчу. 3 жылдан бери биздин салык инспекциясынын кызматкерлерин киргизбей келишкен. Андан сырткары борбордук аянтка эмгиче бажы төлөмдөрүнөн бошотулган товарлар, күйүүчү майлар, химикаттар, сырьелор, техника оборудованиелерди алып туруп Сарытөр, Юго-западный, Кумторская площадь деген үч кенди алып казып атышкан булар. Бул түздөн-түз мыйзам бузуучулук болуп эсептелет. Ал үч кен жерине эч кандай салыктан, же бажыдан бошотуулар болгон эмес. Бошотулган товарларды колдонуп атканы бул дагы мыйзам бузуулук болуп эсептелет. Азыр ал жерде болгону он күн эле болду, Баш прокуратура менен парламенттин кийлигишүүсү аркылуу араңдан зорго биздин текшерүүчүлөрдү киргизди.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG