Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА АКШнын МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ


АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Кондолиза Райс тарабынан өткөн жылы негизделген сыйлыкты АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович айым мурда күнү “Кылым шамы” укуктук борборунун төрайымы Азиза Абдрасуловага тапшырды.

-Азиза айым, сыйлыгыңыз кут болсун. Ушул сыйлыкты берүү учурунда элчи айым менен эмне тууралуу баарлаштыңыздар?

- Сыйлыкты тапшыруу учурунда элчи айым сыйлык ким тарабынан негизделген ошол жөнүндө кыскача маалымат берип, ошол эле убакта менин укук коргоо тармагындагы иш аракетим, ийгиликтерим жөнүндө кыскача сөз сүйлөндү. Андан кийин сыйлыкты тапшырышты.

-Мына бул сиздин көп жылдан берки адам укуктарын коргоо тармагындагы иш аракеттериңиздин жыйынтыгы деп бааласак болот. Эми адам укуктары жагындагы маселе боюнча АКШнын элчи айымы менен сүйлөштүңүздөрбү?

-Ал жөнүндө сыйлык тапшыруу аземинде сөз болгон жок. Бирок андан мурун жолугушуулар болуп, Кондолиза Райстын жардамчысы келип кеткен. Ошондой эле башка делегациялар келген учурларда мындай жолугуушулар болуп атат. Ал эми атайын менин иш чарама, иш аракетиме токтолгон жолугушуу деле болгон эмес. Бул мен үчүн күтүлбөгөн эле сыйлык болуп калды чынын айтканда.

-Жеке сиздин баамыңызда Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатында оң жакка жылыштар болуп жатабы, же артка кеттиби?

-Тилекке каршы, айрыкча 2006-жылдан бери адам укуктар жаатында өтө артка кеткен көрүнүштөр болуп атат, фундаменталдык негизги укуктар боюнча артка кетип атабыз. Ал эми адам укугунун бир эле көрүнүшү артка кеткенде калгандары өзүнөн-өзү эле организм сыяктуу начарлай берет. Жарандардын эркин жыйындарга болгон укугу, сөз эркиндигине болгон укугу начарлагандан кийин калган укуктар өзүнөн-өзү начарлай баштады.

-Сөз эркиндиги демекчи, бүгүнкү күндө “Де-факто” менен “Алиби” гезиттерине соттун чыгарган чечими тууралуу сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул жөнүндө “Кылым шамы” өзүбүздүн пикирибизди расмий билдирдик. Ошого карабастан Акаевдин убагында эле “Свободные горы” газетасынан баштап эле куугунтуктун бир негизги көрүнүштөрү көрүнүп келатат. Ошондуктан Акаев болобу, Бакиев болобу президент болгондон кийин булар публичный адамдар болуп калды да. Анча-мынча кемчилик болгондо дагы мынчалык газетаны жаап салууга жетише турган соттук чечимдерге барбашы керек эле. Бул “Де-факто”, “Алиби” гезиттери бүгүнкү күндө объективдүү жакшы маалымат берген кыргыз тилиндеги гезиттердин бири. Ошондуктан биз аябай эле нааразы болуп атабыз, нааразылыгыбызды ачык эле билдирип атабыз.

-Азыр сиз Токмокко жол тартып бараткан экенсиз, жолдон токтотуп ушундай түз маекке чакырганыбызга кечирим сурайбыз. Бирок Токмоктогу иш чараңыздар эмне тууралуу болмокчу?

-Бул иш чарабызды республика боюнча өткөрүбүз. Баткен облусун, Бишкек шаарын бүтүрдүк, эми азыр Чүй облусу боюнча биринчи семинар башталды. Бул жарандык коомдун өкүлдөрү менен милиция кызматкерлерин биргелешип бир столго отургузуп, кыйноолорго, милицияларга кармалган жарандарга болгон мамилелери боюнча окутуу семинарын өткөрмөкчүбүз. Кыйноолорго каршы конвенцияны ратификация кылган Кыргызстан. Жакында факультативдик протоколду ратификациядан өткөрдүк. Ошондуктан милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга кыйноо,уруп-сабоо болбошу керек. Ошол боюнча биз окутууларды өткөрмөкчүбүз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG