Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

17:12 Кыргызстандын аксакалдары Ишенбай Кадырбековдун сот амалдары аяктаганча камактан чыгарууну суранып президентке кайрылышты


Кыргыз журтуна белгилүү аксакал инсандар Карыбек Молдобаев, Ишенбай Абдуразаков, Шергазы Мамбетов, Гүлшара Дуулатова Президентке кайрылган катында “эл оозуна алынып, далай жолу элдик депутаттык ишти аркалап, жооптуу кызматтарда иштеген инсанды сот амалдары аяктаганча баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну анын жүрүм турумун чектөө менен алмаштырууга көмөк көрсөтүүнү кепилдик катары суранышкан. “Элине төбөсү көрүнгөн жигиттин бүгүнкү аянычтуу абалын билип, көрүп туруп” сыртта байкоочу болуп тура албай, президентке карыялык кеп-кеңешин айтып коюну туура көрүшкөн. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт сыңары жаңылыштык Ишенбайдан кетсе мыйзам алдына жооп берери анык. Сиз элдин эгеси катары жеке көзөмөлүңүзгө алып, айкөлдүктү, акыйкаттыктын зор үлгүсүн көрсөөрүнүзгө ак дилден ишенебиз”деп баса белгиленген катта. (KCh)

XS
SM
MD
LG