Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков кайрылман кыргыздардын абалы тууралуу буларды билдирди:
-Алардын балдары төрөлүп атат. Бир топтору үйлөнүп атат. Документтери болсо жок. Жер, насыя алалбайт. Жумушка орношо албайт. Мына өткөн жылдары 5 миң кыргыз кайра Тажикстанга кетти. Булардын толук укугу бар өзүнүн ата-бабасы жашаган жерге келип жашаганга .
Исабеков кайрылмандарга атуулдук, жер берүүнү жеңилдетүүчү мыйзамды кабыл алууну жактады.
Депутат Мурат Жураев Тажикстандын Жергетал, Мургаб райондорундагы кыргыздарга ошол жеринде мектеп жана башка социалдык обьектерди курууга жардамдашуу алардын ошол жерде жашоосуна шарт түзөөрүн белгиледи. Бирок миграция жана калкты эмгек менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова мамлекетте азыркы кезде андай мүмкүнчүлүк жок экенин ачыктады.
Депутат Роза Отунбаева боор тартып келген кыргыздарга “боорго тепкен” саясат болуп жатканын билдирди:
-Булардын абалы өтө начар. Булар улуттук азчылыктардан да кем болуп, абдан кемсинтилген шартта жашап келишет. Проблемалары абдан көп. Биз аларды легалдаштырбай, паспорт бере албай жүрөбүз. Андай кыйналып жүргөндөр көп. Мынабу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр абдан жакшы нерсе. Өзгөчө үй жагынан, жер жагынан маселени чечүүгө шарт түзүлүшү. Булар качан эле чечиле турган маселе болчу. Буяка келип, бирок кайра 5 миң кишинин кайтып кетип жатышы абдан өкүнүчтүү болуп атат.
Отунбаева ошондой эле мекенине көчүп келгендерге жергиликтүү коомчулук тараптан мамиленин жакшы эместиги, бийликтин ал маселенин үстүнөн иштебей жатканын терс баалады.
Мына ушундай талкуулардан кийин мыйзам кабыл алынды.