Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

17:53 Ысыккөлдө жаратылыш коргоочулары өкмөттүк комиссия менен эс алуу жайларды кыдырып көрүштү


Ысыккөлдөгү эс алуу жайларында экологиялык коопсуздуктун сакталышын билүү максатында өлкөнүн вице-премьер-министри Элмира Ибраимова келди. Аны коштоп жүргөн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча облустук жетекчи Токтомамат Бокоевдин айтуусунда, өкмөттүк комиссиядагы саламаттык сактоо, салык, архитектура жана туризм тармагынын өкүлдөрү “Карвен клуб”, “Меридиан”, “Ысыккөл турбаза” пансионаттарынын даярдыгын жакшы деп тапты. Ал эми “Ак жол”, “Бригантина”, “Насипнур” жана башка онго жакын эс алуу жайлар экологиялык талапка жооп бербегени эскертилди. Белгилеп кетчү нерсе, мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаевдин “Насипнур” пансионаты буга чейин тиешелүү органдарды тоготпой, каалагандай иштеп келген. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG