Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Ушул аптанын аягында Санкт-Петербург эларалык экономикалык жыйыны өтөт. Аны утурлап Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусу башталат. Эларалык экономикалык жыйында ыкчам өнүгүп бараткан лөк өлкөлөрдүн тажрыйбасы, жаамы дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөр, кыйынчылыктар менен проблемалар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/21FD08AE-CE20-4976-8A42-4A82713D8485.asp талдоого алынмакчы.

Швейцариянын Давос шаарында жыл башында өтчү ири экономикалык жыйынга бир чети атаандаш, экинчи жагынан ыкчам өнүгүп бараткан Кытай, Индия, Орусиянын дымактуу капиталын алдыга сүрөө максатында чакырылып жаткан Санкт-Петербургдагы эларалык экономикалык жыйынга өткөн жылы 9 миңге чукул киши катышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров Петербургдагы эларалык экономикалык жыйынга даярдык иштери быйыл да мыкты жүргүзүлгөнүн маалымдады.

- 13 мамлекет жетекчиси быйыл бул жыйынга катышууга макулдугун беришкен. Жыйын эки күндө өтөт. Эки күндө талкууланчу негизги маселелер - экономикалык маселелер. Орусия, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги ортосундагы байланыштарды күчөтүү маселелери да каралат.

Бул ирет Петербург экономикалык жыйынында дүйнөлүк товар өндүрүү, каржы базарында олуттуу дегидей сапаттык өзгөрүүлөр болуп жатканы, ага кошумча доллардын куну качып, глобал каржы кризиси чыкканы, азык-түлүк, энергетика баасынын асманга чыгып кетишинин чоо-жайы талкууга алынмакчы.

Президент К.Бакиевдин пресс-катчысы Нурлан Шакиевдин маалымдашынча, мамлекет башчысы Петербург эларалык экономикалык жыйын ачылышында чыгып сүйлөйт.

- Анда Кыргызстандагы экономикалык саясат, ошондой эле инвестициялык климатка токтолот.

Петербург эларалык экономикалык жыйыны белгилүү саясий-коомдук Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде, экономикалык зарылчылыкка караганда Орусия өкмөтүнүн саясий дем-дымагын билдирүүнү көздөгөн иш-чаралардын бири.

- Азыр орустар Орусиянын кадыр-баркын жогорулаталы, эларалык аброюн күчөтөлү деген мамлекеттик саясатты жүргүзүшүүдө. Мисалы, ошол Санкт-Петербургдагы жыйында сүйлөөчүлөрдүн мындай бир жаңы идея айтып, болбосо дүйнөдөгү, чөлкөмдөгү экономикалык проблемаларды чече турган дарамети деле жок.

Антип дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн борбору башка жакка көчкөнүн, товар менен каржылардын агымы Кытай, Индия, Орусия ортосунда жүрө баштаганы менен, үчөө тең азырынча байманасы ташыган өзгөчө бай өлкөлөр деңгээлине жетише элек.

- Себеби бул үчөөнүн ортосундагы байланыш канчалык күчөбөсүн, баары бир булар дүйнөлүк экономика менен чырмалышып калган. Андан чыга албайт. Эгерде өздөрүн башкаларга каршы коебуз дешсе, андайда механиканын мындай бир мыйзамы бар. Аракетке каршы контраракет деген болот.

Чынында эле дүйнөнүн бай өлкөлөрү менен ыкчам өнүгүп бараткан мамлекеттер ортосундагы алдагыдай чиеш экономикалык карым-катышка Кыргызстан да кошулушу керек. Өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн башкалар алдында ачыкка чыгарып, таанытышы абзел. И.Абдуразаковдун пикиринде, эгер К.Бакиев Кыргызстанга тикелей инвестиция тартуу керектигин ырастоо менен эле чектелсе, эларалык экономикалык жыйын катышуучуларына андай сөздүн жугуму деле болбойт.

- Себеби анын баары айтылган. Орустар болсо системалуу түрдө жанагы инновация дегенге мамлекеттик саясат катары ирети менен өтүп баратпайбы. Биздики болсо айтарын айтып койду. Бирок биздин кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз, потенциалыбыз бар, ошол жөнүндө эмдигиче бир да сөз боло элек.

Ушу тапта Кыргызстан туш келген кыйынчылык азык-түлүк менен энергетика баасынын кымбатташына байланууда. Ага кошулуп инфляция да көтөрүлүүдө. Өлкөнүн экономикалык жагдайы жакшырышынан күдөрү үзүлгөн эмгекке жарамдуу калктын көбү чет жерге иш издеп кетип калышкан. Экономикалык оор проблемалардын төөбастысында калган Кыргызстандын көктөн тилегени тикелей инвестиция болууда. Ошол себептүү көпчүлүк серепчилер Кыргызстан президенти Петербург экономикалык жыйынында дал ушул маселени козгоп чыгарын болжоп отурушат.
XS
SM
MD
LG