Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ СООДАСЫ МЕНЕН КҮРӨШ КӨҢҮЛ ЖЫЛЫТПАЙТ


Ушул шаршембиде Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти адам аткезчилигине арналган жылдык отчетун жарыялады. Анда дүйнөдөгү ар кыл мамлекеттер менен катар Кыргызстандагы кырдаалга баа берилген. Отчетко ылайык, кыргыз өкмөтү адам соодасында, айрыкча сексуалдык эксплуатациялоо максатында кыз-келиндердин чет өлкөгө сатылышында --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2007/08/3e318493-d43a-4168-8abe-cea3b7df55ea.asp чектелүү жылыштарга жетишти. Борбор Азияда Кыргызстан менен Казакстан аз да болсо жылыш жасаган өлкөлөрдүн тизмесине кирген, Өзбекстан менен Тажикстан аракети жетишсиз өлкөлөрдүн катарына кошулган. Ал эми Түркмөнстандан маалымат жетишсиз болгондуктан, ал өлкөдөгү кырдаалга жалпы жонунан баа берилген.

Адам аткезчилиги менен күрөштө Кыргызстан орто заар аракет көргөн өлкөлөрдүн катарына, 2-топко кирет. Казакстан да ушул эле тизмеде. Казакстандын өкмөтү адам аткезчилигине былтыр 35 миң доллар каражат бөлгөн, Кыргызстанда өкмөт буга жетише элек, бирок өкмөт да, бейөкмөт уюмдар аздап болсо да, колдон келишинче аракет кылып жатышканын отчетто келтирилген диаграммадан көрө алабыз.

Өзбекстан менен Тажикстанда абал кыйла начар болгондуктан, алар көзөмөл астындагы өлкөлөрдүн катарында кала беришүүдө. Мисалы, Өзбекстан көптөгөн тийиштүү эл аралык конвенциялардын айрымдарына гана кошулган, адам соодасына байланышкан мыйзамдар ийине жеткирилген эмес жана былтыр мындай соода менен алектенген бир да кылмышкер түрмө мөөнөтүн өтөгөн эмес.

Адам соодасынын дүйнө мамлекеттериндеги абалын тыкат изилдеп, жылына отчет жазууга АКШнын Мамлекеттик департаментин өлкөнүн атайын мыйзамы милдеттендирет. Быйылкы отчет тууралуу сөзүндө мамлекеттик катчы Кондолиза Райс отчеттор жарыяланып келаткан 2000-жылдан бери, мамлекеттер бул маселеге көбүрөөк көңүл бура баштаганын канааттануу менен белгиледи:

- Бүгүн биздин, пикирлештерибиздин жана бүгүнкүдөй отчеттордун аркасы менен адам аткезчилигинин карөзгөйлүгү көбүрөөк таанылган көйгөй болуп калды. Адам соодасы курмандыктарды укуктарынан ажыратат, жалпы эле глобалдык саламаттык проблемаларын курчутат, уюшкан кылмыштуулукка кошумча болот, мыйзамдуулуктун тебеленип-тепселишине ыңгайлуу шарт түзөт.

Анда Мамдепартаменттин отчетунда Кыргызстан боюнча маалыматтарга кененирээк назар салсак. Өлкөдө адам соодасы менен алектенгендерди 3төн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул - эл аралык стандарттарга шайкеш келген мөөнөт. 2007-жылы өкмөт 33 кылмыш боюнча иликтөө жүргүзгөн. Бул 2006-жылга салыштырмалуу 6 ишке аз. Бийликтер 23 киши кылмыш жообуна тартылганын маалымдаган, бирок мындай маалыматтар толук болгон эмес. Бир катар кылмышкерлер 5тен 7 жылга чейинки мөөнөткө кесилген.

Бейөкмөт уюмдар катардагы тартип коргоочулар адам баласы менен соода кылгандарга көмөктөшүп, пара алган учурлар бар экендигин маалымдашкан.

Мындай кылмыштын курмандыктарына жардам көрсөтүүгө келсек, Кыргызстанда 2007-жылы жупуну жылыштар болгон. Өкмөт мындай курмандыктарга кызмат көрсөткөн уюмдарга акчалай жардам көрсөткөн эмес, бирок үч баш калканч жайына имараттарды берген.

Өткөн жылы чет өлкөгө сатылды деп саналган 331 кишинин 134ү Кыргызстанга кайтарылган. Бирок күбөлөрдү коргоо боюнча мыйзам иштебегендиктен, бул жылы курмандыктар тартип коргоочулар тарабынан коргоого алынган эмес.

Кыргыз өкмөтү Орусияда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоону жакшыртууга көңүл бурууну улантууда. Мисалы, кыргыз жана орус тилдеринде маалымат баракчалары таркатылып келет. Ошол эле мезгилде адам соодасын алдын алуу максатында өкмөт миграция жараянын күжүрмөн көзөмөлгө албайт.

Мамдепартаменттин отчету менен тааныштырууну аяктап жатып, айта кетчү нерсе, Кыргызстан кирген Борбор Азияда адам аткезчилиги менен алектенген кылмышкерлердин арасында аялдар да бар экендиги атайын бөлүп көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG