Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

5-июнь Айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнү. Кыргызстан бул күндү 1999-жылдан бери белгилеп келатат. Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн 5-июнь жаратылышты сактоо зарылдыгы тууралуу дагы бир ирет калк арасында үгүт иштерин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бул өңдүү үгүт кампаниялары кичинекей Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү. Учурунда “Экинчи Швейцария” атыгып, өнүгүү жолун туризм менен байланыштырууну ниет кылган мамлекеттин баш калаасында бүгүн көчөлөр ташталдыларга толуп кеткени, элдин экологиялык маданияты да жакырданып турганы байкалат.

Бишкектин борборундагы Жаш Гвардия бульварында таштанды күйүп жаткан экен. Ары-бери өткөндөрдүн арасында балдарын жетелеп алган энелер да бар.



Эркайым эже: -Биз студент болуп турган кезде Бишкек аябай таза шаар болчу. Эми тазалыкка көңүл бурулбай калды.

“Азаттык” : -Сиз өзүңүз дайыма эле колуңуздагы таштандыны урнага саласызбы?

Эркайым эже: -Кээде көчөдө таштай турган жайды көрбөй калсам, жерге эле таштап коем. Айла жок да, үйгө көтөрүп барышым керекпи?



Эркайым эженин мисалы Бишкектин тургундарынын басымдүү бөлүгүнө мүнөздүүдөй көрүндү. Бүгүн биздин суроолорго жооп берген адамдардын дээрлик баары эле колундагы таштандысын атайын чакага эмес, көчөгө таштап койгон учурлары көп эле болуп жүргөнүн мойнуна алышты.

Эки жылдай мурдараак шаарга келген Анаркан эженин зээнин кейиткен маселе да - ушул. “Адамдар тазалыкка аз көңүл буруп калышты”, - дейт ал.

- Айыл жеринде, мисалы, айлана-чөйрөнү жаратылыш өзү эле тазалап коет. Биз болсо жашоону Батыштан, Чыгыштан үйрөнүп алып, өзүбүздү-өзүбүз булгап жатабыз.

Анаркан эже өзү көп жылдар бою Токтогул районунда мектепте мугалим болуп иштеди. Эки жыл мурда авто-кырсыкка учурап, башын оорутуп алгандан бери жумушка чыкпай калган. Бир бала, бир кыздын апасы. Үйдөн дээрлик таштанды чыгарбайт. “Кыргызда ата-бабаларыбыздан бери колдонгон буюмду кыркып-бычып, кайра эле колдонуп келишкен. Бул – экологияга да эң аяр мамиленин белгиси”, - дейт Анаркан эже.



- Эски кийим-кечектерди, материалдарды кыркып, төшөк кылып алабыз. Дүкөндөн келген жылтырак пакеттерди кайра таштабай, колдонобуз. Жашың кырктан өткөндөн кийин, жылан да “Мени отун кылып, көтөрүп кетпесин” деп, аялдын астынан өткөндөн коркот экен, алтымышка чыкканда аттын тезеги алтын көрүнөт дешет. Балдарым деле: “Сиздин көзүңүзгө баардык эле эски буюм жакшы көрүнө берет”, - деп калышат. Анткени мени чоң-апам ушинтип үйрөткөн. Ал дайыма: “Буюмду ысырап кылсаң, анын кордугун көрөсүң”, - дечү. СССРдин тушунда канча ысырапкерчиликке барып, 90-жылдары бир сындырым нанга зар болуп калбадыкпы.

Мына ушинтип, айлана-чөйрөнүн булганышын глобализациядан, ысырапкерчиликтин жайылышынан көргөн Анаркан эже айыл-турмушунун образын шаарда жайылтуу керектигин белгиледи.

Бирок шаардын шартында деле айлана-чөйрөнүн тазалыгын бекем кармап жүргөн 17 жаштагы бишкектик Алымбектей жаштар жок эмес.

- Мен өзүм көп кабаттуу үйдө жашайм. Биздин короодо жаш балдар көп ойношот. Үйгө кире бериш жайыбыз булганып калганда, өзүм ал жерди шыпырып, тазалап турам. Менимче, тазалыкты жаш балдарга ата-энелери үйрөтүшү керек. Эгер бала таттуусунун калдыгын жерге эле таштап койсо, аны ата-энеси кайра урнага таштатса жакшы болот. Мен да балдарга түшүндүрүп, аларды тазалыкка үйрөтүп турам. Аялдар: “Акылдуу бала экенсиң, тазалап коет экенсиң”, - дешет.



Алымбек өзү тогузунчу класстан кийин колледжге окууга өткөн. Жаштыгына карабай, айткан сөздөрүнөн акылмандыгы билинип турду.

- Кыргызстанды өзүбүздүн кирпиктерибиздей тазалыкта кармашыбыз керек. Мен колума шыпыргы алып, тазалап жүргөнүмдү көрүп, бир эже: “Сенден башка эч ким жок бекен?”, - деп күлдү. А мен ага башкалар деле бар, бирок өзүм таштандыны көргөндөн кийин, аны алып коюу менин деле милдетим деп түшүндүрдүм. Ал болсо күлгөнүнө өзү уялып калды.

Алымбек, мисалы, элдин өзүндө тазалык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү үчүн түрдүү акцияларды, жамааттык тазалоо иштерин өткөрүү керек деп ойлойт. Анын айткандарын Кыргызстандагы белгилүү экологдордун бири, Бишкек гуманитардык университетинин экология факультетинин деканы Кайрат Молдошев да колдоду. Ал да азырынча бишкектиктерде экологиялык тазалык сезими ойгоно элек деп билет.

- Жөнөкөй эле мисал: эртең менен жолдо баратсаң, үйүнөн чыгып, таштандынын атайын жайына жетпей эле колундагы бүт нерсени жолго калтырып коюшкандар бар. Бул – адамдын экологиялык маданиятынын жоктугу, аң-сезиминин төмөндүгү. Ошондуктан, эң оболу, адамдарда экологиялык түшүнүктү жогорулатыш керек. Илгери деле биздин ата-бабаларыбыз жайлоодо боз үйдүн тегерегин таза кармашчу. Андыктан кыргыздарда орто кылымдарда Батыш Европадагыдай кир, ыплас нерселерден пайда болчу чумага окшош эпидемиялар болгон эмес, - дейт өлкөдөгү белгилүү эколог Кайрат Молдошев.





Таштандылар өзү курулуштан, өндүрүштөн чыккан жана тиричиликке тиешелүү деп үчкө бөлүнөт. “Ошол тиричиликке керектелүүчү буюм-тайым, тамак-аштын калдыктары, - дейт Кайрат мырза, - 80% кайра иштетилүүгө зарыл болгон таштандыдан турат”. Андыктан учурда Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарылдыгы турууда.

Анын аралыгында, күн батып, айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнү да аяктап баратат. Бишкектин чак ортосунда таштандылар жаткан жай адатынча эле буруксуп, түтөп турду. Бул түтүн Бишкекке анын көнүмүш жүзүн берип тургансыйт...

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG