Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

07:56 Президент К.Бакиев бүгүн Санкт-Петербургда баштала турган КМШнын формалдуу эмес саммитине катышат


Ошондой эле өлкө башчысы эртең Петербургда өтө турган эларалык экономикалык форумда “Улуттук экономикалык кызыкчылыктар жана башкаруунун глобалдуу иниституттары” деген темадагы пленардык отурумда сөз сүйлөйт. Президенттик маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда мамлекет башчы саясый, экономикалык, демографиялык, азык-түлүк тармактарындагы мамлекеттин туруктуулугуна глобалдуу кепилдик, өлкөлөрдүн узак мезгилдерди камтыган макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу зарылдыгына байланышкан маселе тууралуу сөз болот.
Мындан тышкары Курманбек Бакиевдин Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланат.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG