Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Орусия: НАТОнун кеңеши Батыш менен болгон мамилелерди бузат


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев НАТОнун Чыгышты карай багыт алган экспансиясы Москва менен Батыштын алака-катышына доо кетириши ыктымал жана мамилелер таптакыр өзгөрүп кетиши мүмкүн деп эскертти. Мындай оюн Медведев Германияга болгон расмий сапары учурунда билдирди. Бул орус президентинин тышкы саясат тууралуу айткан биринчи ою болду. НАТОнун Чыгышты бет алган кадамдарын жактырбаган Медведев анын ордуна Европага жаңы жана ар тараптуу коопсуздук пактысы керектигин белгиледи. Анын айтымында жаңы документ “регионалдык келишимге” айланып, Улуттар уюмунун Хартиясына негизделиши зарыл.

XS
SM
MD
LG