"Ак жол" саясий партиясынын шайлоо тизмесинин чегинде депутаттык мандат алган Алмаз Арапбаев бүгүн парламентте ант берди. Арапбаев мурдагы депутат Элмира Ибраимованын ордуна келди. Элмира Ибраимова бир апта мурда вице-премьер министр болуп дайындалып, депутаттык мандатын өткөрүп берген. (BuS)