Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова АКШнын “Эркиндиктин коргоочусу” сыйлыгына арзыды. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс негиздеген бул сыйлыкка жарандык коому күжүрмөн өнүккөн Кыргызстан алгачкы ирет татыктуу болуп отурат. Ошол эле мезгилде жарандык лидерлер Кыргызстанда адам укуктарын коргоо артка кеткендигин эскертүүдө.

Азиза Абдырасулова укук коргоочу катары коомчулукка Аксы окуясынан кийин таанылды. Алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясына укуктук жана саясий баа берүүнү ушул күнгө чейин талыбай бийликтен талап кылып келаткандардын бири дагы дал ушул укук коргоочу. Абдырасулованы коомчулук ошондой эле тартип коргоо кызматтарын реформалоо, тынч митинг-пикеттерди өткөрүү эркиндиги үчүн тынымсыз күрөшкөн саясий, социалдык укук коргоочу катары тааныйт.

“Биз Азизанын өз мекенине болгон берилүүсүнө суктанабыз” деди АКШ мамлекеттик катчысы уюштурган “Эркиндиктин коргоочусу” сыйлыгын тапшыруу учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович. Элчи ошондой эле Абдырасулованын ХИПК, Миң жылдыктын чакырыктары программаларына көз карашын бөлүшө албастыгын билдирүү менен, анын эркиндик үчүн күрөшүнө урматын билдирди:

- Дүйнөдөгү бардык өкмөттөр, анын ичинде Кыргыз өкмөтү укук коргоочуларга колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөм. Мындай иш-чаралар АКШда да болушу керек,- деди Мари Иованович.

Анткен менен Кыргызстанда расмий бийлик укук коргоочуларга өзгөчө ишеним көрсөтүшпөйт. Бийликке ыктаган талдоочулар болсо жарандык коомдун адам укуктарын коргогон алдыңкы катмарын мамлекеттик бийлик системасынын ишмердигине батыл киришүүнү каалаган саясий оюнчулардын тобуна кошуп жүрүшөт.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жарандык коом күжүрмөн калыптанган өлкө катары саналат. Орто эсеп менен алардын саны 50миң чамалаш экендиги айтылып жүрөт. Алардын алдыңкы катмарынын жарымы дал ушул адамдардын саясий укуктарын коргоо менен алектенет.

Бейөкмөт уюмдар чет өлкөлүк гранттардын эсебинен иш жүргүзүп жаткандыгын эске алган юстиция министри Марат Кайыпов акыркы жылдары бейөкмөт уюмдардары өз ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип турушу зарыл деген көз карашты карманып келатат.
Жарандык коом өзүнчө, бийлик өзүнчө жашап, укук коргоочулар өзүнчө жашап калды деп билдирди “Демократия жана жарандык коом үчүн!” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова:

- Биздин бийликке азыр укук коргоочулардын деле кереги жок, адам укугунун деле кереги жок. Укуктар тебеленип атканын баарыбыз тең эле көрүп атабыз.

Кыргызстандагы таасирдүү укук коргоочулардын бири, “Эркиндиктин коргоочусу” сыйлыгынын ээси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 2006-жылдан баштап адам укуктары Кыргызстанда артка кетип калды:

- Фундаменталдык негизги укуктар боюнча артка кетип калды. Бир эле көрүнүш артка кеткенде, калгандары деле өзүнөн өзү эле бүтүн организм сыяктуу начарлай берет. Жарандардын эркин жыйындарга болгон укуктары, сөз эркиндиктерине болгон укуктары начарлагандан кийин калган укуктар өзүнөн өзү начарлай баштайт.

Ошол эле мезгилде бийлик дагы адам укуктарын коргоону Кыргызстандын артыкчылыктуу багыты катары санап келатат. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун менен бир күн мурдагы жолугушуусунда президент Курманбек Бакиев Жарандардын эркин чогулуу укуктарын иретке келтирүү жөнүндөгү Бишкек шаар кеңешинин токтомун саясий кырдаалга байланышкан убактылуу чара катары белгиледи.

Бул аралыкта Жогорку Кеңеште Жарандардын эркин чогулуу чаралары жөнүндө жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат. Укук коргоочулар болсо бул долбоорду Кыргызстанда адамдардын укуктарын жакшыртууга салым кошо албайт деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG