Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

КЫРГЫЗСТАН №1 ДИКТАТУРАЛЫК ӨЛКӨГӨ АЙЛАНАБЫ?


“Мен мисалы Акаев президент болгондо шампан ичип сүйүнгөндөрдүн бири болгом. Кийин анын бийлиги менен күрөшүп жүрүп өмүрүмдүн бир далайы кантип өткөнүн билбей калыптырмын. Кийин 24-мартта бийлик алмашканда да кубангандан ыйлагам. Бакиевдин ошол күнү аянтта “үйбүлөлүк башкаруу болбойт, мамлекеттик маалымат каражаттары жоюлуп, коомдук теле болот” дегени кулгымда дале жаңырып турат” деп эскерген экономист Сапар Орозбаков бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити аркылуу, Бакиев бийлигинин диктатурага укмуштуудай тездик менен баратканын, өтө тездик менен орнотулган диктатуранын өмүрү ошончолук кыска болорун, эгер мыйзам ченемдүүлүккө таянсак Кыргызстандагы диктатура Өзбекстан менен Түркмөнстандан ашып түшүшү да мүмкүндүгүн, анткени кыйла күч топтоп алган демократиялык кыймылды сындыруу үчүн ошончолук күч керектигин, демек Кыргызстан башаламандыкка баратат деген ойлорго кошулбай койууга болбой тургандыгын жазды.

х х х

Ушул эле гезиттин “Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү коркунучтабы?” деген суроосуна саясатчылар Ө. Текебаев менен А. Жекшенкуловдор, жер, чегара маселесине келгенде улуттук кызыкчылыктар такыр эле унутулуп каларын, кечээ эле тажик президенти менен кыргыз президенти жолугуп, бирок көзгө басар маселе чечилбегенин, кыргыз жетекчилиги кучакташып, кагаздарга кол койгондон башка да чече турган маселелер бар экенин айтып жооп беришсе, геология адиси А. Оморов, союз урагандан кийин Таш-Көмүрдөн 1 жарым миң гектар жер, Маданият, Кемпирабад Анжыян облусуна карап калганын, аталган аймактарды айрымдар күнөөлөп жүргөндөй Т. Усубалиев эмес, совхоз деректири Рашидов деген аксакал Өзбекстанга арендага берип жибергенин, бүгүн деле Кыргызстанды “жамандын үйүн коногу бийлейт” болуп атканын, жогорудагылардан сырткары Сох, Шахимардан, Баткенден баштап Ала-Бука, Чаткалга чейинки региондордон 6 миңдей гектар жер өзбектерге өтүп кеткенин, Кытайга ҮзөңгКууш, казакка каркыра сатылганын, кыскасы Кыргызстандын жер үстүндөгү байлыктарынын баары сатылып жатканын айтты.

х х х

Кыргыз тилдүү “Кыргыз туусу”
гезити “Манас ордо” коомдук фондунун президенти А. Усупбаев менен журналист З. Өсөровдун президенттер Бакиев менен Назарбаевге орус тилинде жазылган ачык катын жарыялады. Катта Байкоңур космодрому аркылуу ракеталардын учурулушу бир гана казак жергеси тургай, бүтүндөй Борбор Азиянын жаратылышы үчүн зыян апкелип аткандыгын, ошон үчүн компенсация маселесин ойлонуп көрүү керектигине президенттердин көңүлдөрүн бурган.

х х х

“Жаңы ордо” гезити Нурлан Мотуевдин “Акыры Акаевчилерди жеңдим” деген интервьюсун, “Кадыржанга кудайдан да алы жетпейби?”, “МЧСти Ошко көчүрүү туура болду” деген макалаларын гезиттин 1-бетине алып чыкты. Маселен “Мелистин кара жашиги” деген рубрика алдында жарык көргөн макаласында Эшимканов КТРдагы реформасын достору, жердештери менен аяштарынын айлыгын көтөрүүдөн баштаганын, андайларынын алдына 15 миңден 25 миң сомго чейин маяна коюп бергенин, КТРда күндөн күнгө рухий байлык, илим-билим көрөңгөсүн чагылдырган берүүлөр сээлдеп баратканын, мунун кесепетинен түндүктүк көрүүчүлөр орус тилдүү телекөрсөтүүлөрдү көздөй ыктаса, түштүктүк көрүүчүлөр Өзбекстандын телеберүүлөрүнө ооп кеткенин маалымдап, улуттук 1-телеканалдын ичинен 57 адамдын тизмесин, алардын аты-жөнүн, ээлеген кызматын жана айлык маянасынын көлөмүн шардана кылды.

х х х

“Агым” гезити Ысык-Көл губернатору Кыдыкбек Исаев атбашылык бизнесмен Коваленко менен жармакташып, Чолпон Атага жаңы базар куруп, эски базардагыларга ыдык көрсөтө баштаганын, жаңы спикер Айтибай Тагаев өз кабылдамасын 4 милийсага кайтартып койгон Мадумаровдун жоругун четке кагып, жылына 360 миң сом жей баштаган төртөөн алдырып салганын, азыркы күндө ЖК аппаратын өзгөртүүгө киришкенин кабарлады.

х х х

Гезит “МК Кыргызстан” гезитинен которулуп басылган доктор Жеңишбек Назаралиевдин “Акажандар өлкөсү” деген макаласын басты. Макалада Акаев мезгилинде бийликтин арбынырагын түндүктүктөр түзүп, иштин майын койдун башын шалгамдай кесип ыргытып, купшуңдап куйрук-боор тартуу менен чыгарып, ушундай жол менен кызматка жетсе, азыркы бийлик тушунда кызматка жетүү үчүн өзгөн күрүчүнөн аш демдеп, арнамысыңды муунтуп, түштүк салты менен “акажан” айтып, курду моюнга салып турушуң керектигин белгилеген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG