Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

11:55 СДП: Өкмөт мугалимдердин укугун кемсинтүүгө барбашы керек


Социал-демократтар фракциясы бүгүн ушундай мазмундагы билдирүү таратты. Анда фракция сотто жеңген мугалимдерге гана эмгекке кошумча каражат төлөнөрү, калган мугалимдерге өкмөт түзгөн график боюнча берилери тууралуу эрежеге тынчсызданган. Педагогикалык стажга кошумча акы төлөө жөнүндөгү мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, бирок, ушуга чейин төлөнө элек болчу. Учурда өлкөдөгү 74 миң мугалимдин сотко кайрылып, уткан 7 миңи гана акыны алуу укугуна ээ болушту. Калганына график боюнча 2010-жылга чейин төлөнөт. Фракция инфляция күчөп, баа өсүп турганда мындай тең эмес мамиле мугалимдердин укуктарына шек келтирет деп эсептейт. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин СДП фракциясы өкмөт мугалимдердин педагогикалык стажына кошумча акыны 2008-жылдын этегине чейин төлөп берүүнү өкмөткө сунуш кылды. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG