Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Түркиянын Конституциялык Соту алты айдан бери уланып келаткан чыр-чатак тууралуу чечим чыгарып, жогорку окуу жайларында жоолук тагынууга жол коюу жөнүндө башкы мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү алып салды.

Конституциялык сот бейшемби күнкү олтурумунда жогорку окуу жайларында жоолук тагынууга жол берүү тууралуу башкы мыйзамга киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорду четке кагуу менен калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулман болгон бул өлкөдө талаш-тартыш кайра жанданды.

Конституциялык сот мынан алты айдай илгери парламент тарабынан жактырылып чыккан жождордо жоолук тагынууга уруксат этүү жөнүндөгү алып салды.

“Бүгүн сотубуз жождордо жоолук тагынуу маселеси менен байланыштуу чечимин чыгарды. Токтомдун түшүндүрмөсү толук жарыяланганга чейин ал жөнүндө чечмелөө жасоодон сактанышыбыз керек. Кыска аралыктын ичинде түшүндүрмө жарыяланып, андан соң бул тууралуу кең кесири маалымат берилет”,- деди Конституциялык Соттун төрагасы Хашим Кылыч.

Соттун бул чечимине саясий партиялардын реакциясы ар кандай болду. Башкаруудагы Ак Партиянын депутаты Бекир Боздаг: “Конституциялык Сот бекиткен бул токтому аркылуу башкы мыйзамдын 148- статьясында өзүнө ыйгарылган укуктардын чегин ашты. Мындайча айтканда, Конституциялык Сот башкы мыйзамдагы, ‘эч бир киши же мамлекеттик орган, башатында башкы мыйзам турбаган эч кандай бир мамлекеттик ыйгарымдан пайдалана албайт’ деген жобону бузду” деп соттун чечимин сынга алды.

Оппозициядагы ЖКПнын лидери Деңиз Байкал болсо Консоттун бул чечими абдан чоң мааниге ээ бир легалдык прецедент экенин билдирди.

“Соттун чечиминин түшүндүрмө вариантын али көрө элекмин. Бирок, чечим абдан коң мааниге ээ бир прецеденция түзүүчү мүнөздө. Мунусу менен Консот башкы мыйзамдын алмаштырууга болбой турган статьялары дагы өзүнүн ыйгарымынын чегинде караларын бекемдеди” деп соттун чечимине ыраазы экенинин четин чыгарды.

Оппозициядагы МХП болсо чечимди катуу сынга алды.
“Башкы мыйзамдын негизги логикасына жараша кишилерди жогорку билим алуу укугунан кур калтыруу мыйзамдар менен гана аныкталат. Бул токтому менен Консот өз укуктарынан аша чаап кетти. Ошондуктан токтом менен келишүүбүз мүмкүн эмес”, -деп МХПнин төрагасынын орунбасары Фарук Бал билдирди.

Соттун бул чечими аркылуу алты айдай убакыттан бери өлкөнүн күн тартибинде турган жоолук тагынуу маселесине легалдык жактан чекит коюлгандай болду. Бирок бул тууралуу талаш- тартыштар дагы бир топко созулары талашсыздай көрүнөт.

Аким Өзгөн, Түркия
XS
SM
MD
LG