Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Бишкекте кечээтен бери “Кыргызстанда коррупция --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/75A13A21-97EF-4BC8-8A32-8C5BF3232B61.asp менен күрөшүү, көйгөйлөр жана келечек” деген аталыштагы эл аралык форум болуп жатат. "Азаттыктын" маектеши Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев.

-Бишкекте кечетен бери “Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү, көйгөйлөр жана келечек” деген аталыштагы эл аралык форум болуп жатпайбы. Кечээги жыйында Малайзия, Пакистан, Сингапур жана башка өлкөлөр өздөрүндө пара алууга каршы күрөштүн натыйжалуу иштеп жатканын кеп кылышты. Ал эми Кыргызстан тарап пара алгандарга каршы күрөштүн усулун, же ыкмасын сунуштадыбы?

-Туура айтасыз, кечээтен бери биздин Улуттук агенттиктин чакырылышы менен бир катар өлкөлөрдөн жана шериктеш мамлекеттерде антикоррупциялык агенттиктердин жетекчилери, ошондой эле өкүлдөрү келип катышып атат. Бүгүн конференция өз ишин улантат.

Ошондой эле алардын алдында Кыргызстан да бул тарапта бул илдет менен күрөшүү боюнча өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып атышат. Маселен, Малайзия өлкөсүн алып карай турган болсок, аларда бул илдетке каршы күрөшүү боюнча Малайзия антикоррупциялык агенттигинде болгон мүмкүнчүлүк берилген.

Тилекке каршы биздин агенттикте андай мүмкүнчүлүктөр жок болуп атат. Малайзия өлкөсүнүн жетекчилери айтып атат, эгер Кыргызстанга ушундай ар тараптуу коррупцияга күрөшүү боюнча мүмкүнчүлүк берсе, анда биз кадрларды даярдоого, окутууга жакындан жардам көрсөтөт элек деген ойлорун айтышты кечээ. Ошондой эле бүгүн конференция өз ишин жыйынтыктайт. Анын аягында ММКлары үчүн атайын жыйын өткөрүлөт.

Ошондой эле Малайзия өлкөсү менен Кыргызстандын антикоррупциялык агенттиктердин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюусу күтүлүүдө.

-Улуттук агенттик тарабынан коррупцияга катышкан жогорку деңгээлдеги кызматкерлер жоопко тартылган учурлар болдубу, же болбосо коррупциянын деңгээли менен кандай күрөшүп, жыйынтык пайда болуп атат?

-Мен жогоруда айтып өтпөдүмбү, тилекке каршы бизде азыр тергөө, иликтөө укугу болбой атат. Ошого байланыштуу биздин агенттиктин иши анчалык көзгө илинбей атат. Бул боюнча биз тийиштүү мыйзам долбоорун азыр парламентке даярдап жөнөтүүнүн алдында турабыз. Ал мыйзам долбоору эл аралык талапка жооп бере турган мыйзам. Эгер буюруп парламенттарийлер кабыл алып бере турган болсо анда агенттиктин астында оперативдүү тергөө, иликтөө башкармалыгын ачалы деген ой бар. Эгер ошондой башкармалык ачылып кала турган болсо анда биздин иш бир топ жогору болот деген ишеничтебиз.

Бирок ошондой болсо дагы агенттик эки жылдан бери иштеген кыскача жыйынтыгын айта кетсек, өткөн жылы агенттиктин кийлигишүүсү менен 12 кылмыш ишин козгоого жетишти.

-Азыркы болуп аткан форумга премьер-министр жана президенттик администрация өкүлдөрү дагы катышып атат. Малайзия менен эле ушул кызматташуу тарабындагы маселе козголобу, же болбосо дагы бөлөк мисалы Скандинавия, Сингапур, Пакистанда дагы кызыктуу бир нерселер бар экен, ушулар менен дагы кызматташууну өнүктүрөсүңөрбү?

-Бүгүнкү өтүп аткан эл аралык жыйындын Кыргызстан үчүн бир пайда алып келет деген терең ишенич бар. Себеби алардын бай тажрыйбасын Кыргызстан колдонуп, ошону турмушта, өзүнүн ишинде пайдаланууга чоң ниеттенип жатат. Буюрса алардын тажрыйбасын биз колдонсок, биздин агенттик да ошолордо болгон көрүнүштүү иштерди аткарганга мүмкүнчүлүгү жетет эле. Ошондой эле биздин кечээ президенттин атынан президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов, ошондой эле премьер-министр айтып кетишти, Кыргызстандын бийлик жетекчилери бул илдеттин алдын алуу, ага каршы күрөшүү боюнча азыркы бийликтин алдында эң актуалдуу маселелерден экенин конференцияда белгилеп кетишти.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG