Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

15:22 Нарында “Бакиевдерге жардам” акциясы токтотулсун деген эскертме берилди


“Азаттыктын” Нарын шаарындагы өз кабарчысы Жаркын Ибраеванын маалымдаганы боюнча кечээ, 5-июнь күнү шаардык медиа борборго жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү эки ирээт келген. Алар “Бакиевдерге жардам” иш-чарасы мыйзамсыз жана президенттин кол тийгис укугуна шек келтирип жатасыңар деген жүйөөлөрдү келтирип, шаар тургундарынын тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн акцияны дароо токтоткула деген оозэки эскертме берип кетишкен. Ал эми эскертмени кагаз бетинде бергиле деген медиа өкүлдөрүнүн талабын аткарышкан эмес. Кабарчыбыз Ж. Ибраеванын билдиришинче, учурда Нарында “Бакиевдерге жардам” акциясы уланууда жана ага жергиликтүү тургундар активдүү катышып жатышат. Аталган иш-аракет 2-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн “Де-факто” жана “Алиби” басылмаларына 1 миллион сомдон айыппул салган соң өткөрүлө баштаган. Ал эми гезит редакторлору соттун чечими саясий чечим болду, деген пикирин билдиришүүдө. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG