Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

17:02 Жалалабаттык эки милиционердин Өзбекстанда кармалганы текшерилүүдө


Бүгүн облустук ички иштер башкармасы жооптуу кызматкерлерин Өзбекстандын Чартак районуна жиберди. Алар Алабука районунда иштеген эки милиция кызматкеринин 4-июнда коңшу өлкөнүн аймагында кармалган-кармалбаганын иликтешмекчи. Окуянын чын-төгүнү текшерилип жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов 6-июнда маалымдады. Кечээ Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Наманган облусунда жол коопсуздугун сактабай, жүргүнчүлөргө тоскоолдук кылган автоунааны күч менен токтотконун билдирген. Автоунаадагы Кыргызстандык эки жаран милиция кызматкери жана мас экени медициналык жактан ырасталганын Өзбекстандын Борборазиялык маалымат кызматы жазып чыккан. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG