Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

17:32 Нарында эпизодологиялык абалга арналган коллегия өттү


Бүгүн өткөн облустук коллегияга жергиликтүү бийлик башчылары менен бирге Бишкектеги мамлекеттик ветеринардык департаменттин башкы директору Калыс Жумаканов катышты. Облус губернатору Өмүрбек Суваналиев коллегияда каралган эки маселени стратегиялык мааниге ээ деп баа берди. Коллегияда Нарындагы бруцеллез оорусу менен ооругандардын көрсөткүчү республикада жогору экендиги айтылып, анын бир себеби, Ветеринардык башкармалыктын саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ушул үч уюмдун системалык түрдө өз ара иштебегендигинен болгону аталды. Бул «тихий саботаж», деди Суваналиев. Ал эми облуста малдын көбөйүшүнө тескерисинче мал доктурлардын аздыгы, ваксинация жүргүзүүнүн туура эместиги, ветеринардык дарыканалардын дары сактоо шартынын начардыгы иш-чарада катуу сындалды. Ветеринарлык мамлекеттик департаментинин башкы директору Калыс Жумаканов облустарда кайра ветеринарлык кызматтар жанданаарын, келерки жылда Нарын облусунда айрым ваксинациялардын күчтүү, сапаттуу түрү келээрин билдирди. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG