Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫН РЕФОРМАЛОО ЗАРЫЛ


Соңку күндөрдө Кыргызстандын аймагына кошуна өлкөлөрдүн чек арачылары курал-жарагы менен кирип келген учурлар катталууда. А түгүл алар кыргыз айылдарында жергиликтүү тургундарды опузалап, ок чыгарууга чейин барышкан. Айрым талдоочулар муну кыргыз чек арачыларынын алсыздыгы менен байланыштырып, чек ара кызматын реформалоо зарылдыгын белгилешүүдө.

Мындай окуялар өткөн айдын этегинде Баткен облусунда, андан кийин ушул айдын башында Жалалабат облусунун Ноокен районунда болгон. Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Карабак айылынын аймагына таламандын так түшүндө эле тажик чек арачылары мас абалында кирип келишип, жергиликтүү тургундарды опузалап, ок чыгарышкан. Натыйжада жергиликтүү тургундар айылдык милиция менен бирге кыргыз жеринде ээн баштык жасаган тажик чек арачыларынын бирөөсүн кармап калууга үлгүрүшкөн. Учурда кармалган тажик чек арачысы Ташбулат Чутовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Баткен райондук сотуна өткөрүлгөнү кабарланууда.

Ушуга окшош эле окуя 2-июнда Жалалабаттын Ноокен районунда да болгон. Достук айыл өкмөтүнүн аймагына Өзбекстандын эки чек арачысы куралы менен кирип келип, бул айылдын Файзулла Абдырахманов аттуу тургунун кармап кетүүгө аракет кылышканда, жергиликтүү калк каршылык көрсөтүшүп, өзбек чек арачылары автоматтары менен ок-дары салынган эки кутусун таштай качышкан.

Чек ара кызматында бир канча жылдан бери иштеген полковник, аскерий эксперт Мунар Эсенбаев мындай окуялардын себебин кыргыз чек арачыларды кырдаалга байкоо сала албаганынан көрөт

- Бизде чек ара аймактарындагы кырдаалды көзөмөлдөө системасы жок. Ушундан улам биз чек арадагы кырдаалды билбейбиз.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ушундан улам чек ара кызматын рефармалоо зарылдыгын, кесипкөй адистер келгенде гана мындай окуяларга жол берилбестигин айтат:

- Бөтөн чек арачылардын биздин аймакка кириши менен биздин чек арачылардын эл алдындагы анты бузулуп атат. Экинчи жагынан президентке берилген милдеттенме бузулуп атат. Бул окуялар чек ара кызматын рефармалоо зарылдыгын көрсөтүүдө. Болбосо башка өлкөнүн жоокерлери биздин аймакка каалагандай кирип келип, биздин жарандарды кордоп жатпайбы. Өзүбүз талапты так кое албасак, бизди эч ким көзүнө илбейт...

Ошол эле учурда Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Болот Айтмамбетов болсо мындай окуялардын чыгып жатышын ушу күнгө дейре чек аралардын такталбаганы менен байланыштырат:

- Чек ара кайсы жерде экени аныкталган эмес. Өз жерибизди коргош үчүн биринчи кезекте “мына бул белгиден бул жерге чейин Кыргызстандын чек арасы” деп так көрсөтүп бериш керек да. Ошондуктан чек аралар такталмайын мындай укук бузуулар боло берет.

Айрым талдоочулар болсо мындай жүйөөнү шылтоо катары баалашып, кошуна өлкөлөрдүн чек арачыларынын өлкө аймагына курал жарагы менен өз билгениндей кирип келүүсүн кыргыз тараптын, ириде биздин чек арачылардын алсыздыгы менен байланыштырууда. Тиешелүү мекемелер чек арадагы бул окуялар боюнча азырынча эч кандай расмий билдирүү жасай элек.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG