Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

11-сентябрдагы ири террактын негизги уюштуруучулары өздөрүн өлүм жазасына тартууну суранышууда


2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы каргашалуу террордук чабуулду уюштуруучу катары айыпталып жаткандардын ичинен кеминде эки киши өлүм жазасына тартылгысы келээрин билдиришкен жана алар адвокат алуудан да баш тартышкан. Бул тууралуу Гуантанамо абагында өткөн аскерий соттук угууда айыпталып жаткандар Халид Шейх Мухаммед менен Рамзи Биналшиб билдирген. Алар эчактан эле “шейит” кетүүнү каалагандыгын айтышкан. Гуантанамо абагында бул эки адамдан башка “ал-Каида” уюмунун дагы үч мүчөсү АКШдагы мындан 7 жыл илгерки ири террордук чабуул үчүн айыпталып жатат. Алар күнөөлүү деп табылса, анда өлүм жазасына кириптер болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG