Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Орус президенти Санкт-Петербургда КМШ лидерлери менен жолугушууда


Бейрасмий жолугушуу эки тараптык мүнөздө өтүп, Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев Украина, Грузия, Армения, Азербайжан сыяктуу мамлекеттер менен болгон эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулашууда. Медведев украин президенти Виктор Ющенко менен жолугушуусу маалында аны Севастополдогу орус аскер деңиз базасы боюнча бир тараптуу кадамдарга барбоого чакырды. Медведевдин оюнча, Украинанын НАТОго кирүү долбоору эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына каршы келет. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарчыларга маалымдады. Лавровдун айтымында, келээрки жылы орусиялыктар Украинага газды эки эсе кымбат баада сатаары күтүлөт. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен орус президентинин жолугушуусу эртеңкиге белгиленген.

XS
SM
MD
LG