Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

ИРАНДА АЯТОЛЛА МЕНЕН ЖАШТАР БИР-БИРИНЕ ЖАКПАЙ БАРАТАТ


Ирандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/32A0F1EB-C24C-4CA0-B46B-58A504D8BD58.asp жогорку башкы лидери Али Хаманеи өлкөнүн жаштарын Батыштын “бузуку” таасиринен сак болууга чакырды. Жаштар арасында болсо аятолланын акыл-насааттарына нааразы болгондор арбып баратат.

Аятолла Али Хаманеи Ирандын сырт “душмандары” өлкөнү алсыратуунун ар түрдүү кыйды ыкмаларын колдонуп жатканына жаштардын назарын буруп, алардын арасында ыймансыз жоруктар, сойкулук жана маңчылык жайыла баштаганына катуу камтамачылыгын билдирди. Ошол эле учурда мамлекет башчысы мечиттерге намазга жыгылганы келип турган ыкыласмандардын сексен проценти жаштар экенине ыраазылыгын жашырбай, аларга таалим-тарбия берүү иштерин ушул өңүттө улантууну жалпы коомчулукка жана өкмөттүк мекемелерге табыштады.

Иранда 25 жашка чейинки жаштар жалпы калктын үлүшүндө 60 проценттен ашат. Алардын арасында өлкөнүн лидерлери, айрыкча имам Хомейни менен азыркы диний адый Хаманеини асмандан түшкөн акырасылдай көрүшкөндөр көп эле бар. Ошол эле учурда коомдогу социалдык чектөөлөргө куйкасы курушкандар да аз эмес.

Тегерандык Мохаммад аттуу жаш жигит интернет сайттарда бийликтер секс-мекисти мындай кой, жаңылыктарды окуп, музыка укканга да кеңири мүмкүнчүлүк бербей жатканына нараазыланды. “Өткөн аптада ирандык эле бир чыгармачыл топтун жаңы музыкасын көчүрүп алдым элем, эми алардын сайтын да жаап ташташты”,-дейт ал.

Ал эми Ситейре аттуу жаш бийкени көчөдө капарсыз бараткан жеринен эле кармап алышып, полиция кеңсесине алып барышкан, аерге ата-энесин чакыртышып, акыры беш саттан соң айыппул төлөттүрүп, анан бошотушкан. Көрсө, көчөдө узун этегинен анын кылактап кызыл ашыгы көрүнүп калган экен. Ситейре көчөдөн кармап келишкен келин-кыздарды полиция кеңсесинде көйнөк-көнчөктөрүнө чейин тинтишип, коюн-колтугуна кол салып, абдан одоно жана осол мамиле жасашарын “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Дегинкисинде, бийликтердин ар түрдүү чектөөлөрүнө нааразы болгон маанай кыз-келиндер катмарында акыркы кездери айрыкча ачык байкала баштады. Аялдардын укугу үчүн күрөшкөн Тегерандагы борбордун өкүлү Раха, мисалы, бир караганда кыз-келиндерге билим алганга укук берилгенин, бирок иш жүзүндө муну эркектер гана чечерин, өкмөт да, мыйзам да ошолордун таламын талашарын түшүндүрдү. “Аялдар иштегенге деле укуктуу деп жазылган, бирок кеңседе же башка бир жерде жумушка туруп көрсүнчү, күйөөсү талакнамасын дароо колуна карматып коет”,- дейт Раха.

Иранда аялдардын көчөдө эркектана менен кол алышып койгону да чоң күнөө делинет. Андыктан укуктары чектелип, басмырланган аялдардын көбүнө, анын ичинде Киан аттуу студент кызга Иран ислам республикасын негиздеген аятолла Хомейни, анын азыркы мураскери имам Хаманеи согуштун жана жакырчылыктын кешпириндей көрүнөт. “Муну бүгүн оңой эле көрсө болот: кайда барба, бардык жерде жумушсуздук, эңшерилген экономика, алыс-жуук жамаат менен касташмай, басташмай. Булардын баары ислам революциясынан калган мурастар. Түпкүлүгүндө Хомейнинин тарыхый жоопкерчилигин карап көрүү керек”, - дейт студент кыз.

Жергиликтүү байкоочулар жаштарга мындан ары да кысым-чектөө күчөй берсе, ал быкшып турган отко ташталган тамызгы болуп кетеринен чочулашат. Айтор, азыркы ислам республикасы жаштардын күчү менен түзүлгөнүн аятоллалар унутпашы керек, дешет алар.

XS
SM
MD
LG